Акыркы кабарлар
» Саясат » Галина Байтерек: “Садыр Нуркожоевич менен жылуу мамилебиз сакталып калат”
Галина Байтерек: “Садыр Нуркожоевич менен жылуу мамилебиз сакталып калат”
18-май, 17:48


Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан бошотулду. Маалыматты “Барометрге” Галина Байтерек өзү тастыктаган.
Ал белгилегендей, бүгүн анын маалымат катчысы катары акыркы жумушчу күнү.
“Ар кандай ушактардын алдын алып, Садыр Нуркожоевич менен адамдык жылуу мамилебиз жана жумуштагы жакшы ымалабыз сакталып каларын айтып кетейин. Алдыга коюлган бардык тапшырмаларды аткардым, алдыда дагы жаңы жумуш күтүп турат” деди Галина Байтерек.
Ошондой эле ал өзү билдиргендей, президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Эске сала кетсек, Галина Байтерек мамлекет башчынын маалымат катчылыгына өткөн жылдын 29-октябрында дайындалган. Ал жети ай бул кызматта иштеген.










