Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Жетигеновдун кызматтан кете турганы каңкууланды

Бактыбек Жетигеновдун кызматтан кете турганы каңкууланды

12-октябрь, 00:06
1 439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызматка келген адамдар байлык топтоо, сый-ургаал көрүү, каада күтүү жана биографиясына «баланча кызматта иштеген» деп бадырайта жаздыруу үчүн гана эмес, ошол кызматын ак дилден аткаруу үчүн келишсе, анда торгойлор койлордун үстүнө жумурткалай баштамак. Бирок, бул кыял жана жомокто гана боло турган окуя тура. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Жетигенов адеп аталган кызматка келгени ааламга жаңы лидер жаралгандай эле пиарланган. «Эми Ысык-Көлдү гүлдөтүп салат, туристтердин түшүнө Кыргызстан, анан Ысык-Көл гана кирип калмакчы» деген өңдүү маалыматтар тараган. Бирок, мезгил адымдап, бир жылга жакын убакыт өтсө да Бактыбек мырзанын кыйраткан иши көрүнбөй койду. Ток этерин айтканда, көзгө көрүнөрлүк бир да иш жасай алган жокпу? Угушубузга караганда, Бактыбек Жеңишбекович жакында кызматтан кетери каңкууланууда. Туура, иштеш керек, а колдон келбесе...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер