Гүлзат Маймерованын шаасы жетпесе, министр Гүлнара Баатырованын колунан келеби?


Жалдагы “Энени жана баланы коргоо” улуттук борборунда кезек күтүп саргайган энелерди, тумоологон балдарды көргөн кишинин жүрөгү ооруйт. Азыр таңкы саат 5:00дөн баштап жүздөгөн бейтаптар врачтарга талон алганга кезек күтүшөт. Талон берүү 7:30да башталат. Врачтар болсо саат 9дан баштап кабыл ала баштайт. Дарылоо жана дартты аныктоо боюнча бул борбордо чуулгандуу министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тушунда эле кезек күткөндөр көп болчу. “Мунун бардыгына Камчыбек Узакбаев күнөөлүү” деп аны директорлук кызматтан алган. Андан бери министр өзү алмашты, бирок эч нерсе өзгөрбөптүр, абал мурдагыдай эле оор. Жаңы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын бул борбор менен иши жок окшойт. Борбордун директору Гүлзат Маймерованын колунан эч нерсе келбей, кезек көйгөйү күндөн-күнгө күчөп, нааразы болгондордун катары өсүүдө. Жакында бизге берген маегинде министр Гүлнара Баатырова 1-леди Айгүл Жапарова менен сыймыктана турганын айтты. Эми бул маселени чечкенге канайым өзү киришеби, же министр таңкы беште барып, кезек күтүп көрүп, иликтеп, анан чечеби? Күтө туралы.
Кеп кезек күткөндө эле эмес, өлкөдө бала жана эненин абалы жакшы эмес экендигин ушул көрүнүш тастыктап турат. Элибиздин келечеги болгон балдарга, алардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин министр айым түшүнөбү?










