Өмүрзак Төлөбеков: “Манастын уулу Семетей” тасмабызга элчи Аманбаев баш болгон дипломаттар баа беришти”
-- Өмүрзак мырза, “Манастын уулу Семетей” тасмаңыздарды америкалыктар кандай кабыл алышууда? “Манас” эл аралык кинодолбоорун Голливуд, “Нетфликс” эл аралык ири кинокомпаниялар менен биргелешип тартуу аракетиңиздер кандай натыйжа берүүдө?
-- “Манастын уулу Семетейди” сунуштап жана “Манасты" биргелешип тартуу тууралуу Американын теле жана эл аралык ири интернет каналдары менен кызуу иштешип атабыз. Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан эл аралык “Бруклин көпүрөсү” фестивалына катышуудабыз. Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфияда жашаган мекендештерибиз “Манастын уулу Семетейди” зор кызыгуу менен көрүштү. Эми Чикагодо көрсөтүлө баштамакчы. Президенттин кеңешчиси Медет Букуев, Кыргызстандын Америкадагы элчиси Бакыт Аманбаев, консулдарыбыз Болотбек Борбиев, Кайрат Жылдызбеков, БУУдагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын жетекчилери Рыскул Султанов, Жыргалбек Урманбетов, Раушан Сыдыгалиева, Динара Усенова, Филадельфиядан Эрбол, Казымир Жантаевдер мыкты колдоо көрсөтүшүүдө.
“Улуу “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторубуздун биринчи ирет көркөм тасмага түшүрүлүшү, дүйнөдөгү эң популярдуу кинокомпаниялар менен биргелешип ааламдык масштабдагы тасмага аракет жасалышы кыргыз маданиятындагы жана идеологиясындагы өтө олуттуу окуя. Сценарист жана продюсер Төлөбеков баш болгон чыгармачылык топ чоң батылдыкка барганын ыраазы болуу менен белгилесек болот” деди элчи Аманбаев.
“Семетей” тартылып, эми “Манаска” эл аралык деңгээлде иш жасалышына ар бир кыргыз инсаны кубанбай койбойт. Бул элибизди бириктирүүчү күчтүү идеология” деди Борбиев.
“Кыргыздын ыйык “Манас” оозеки чыгармасынын аз каражатка тартылып баркы түшөт” деген пикирлерди туура көрүп келсем да, тасманы көрүп чыккандан кийин тескерисинче, элибиздин эң баалуу тасмасы жаралганына кубандым” деди экс-депутат Максат Сабиров.
“Семетей” тасмага түшүрүлүп, эми “Манасыбызды” Американын ааламга даңазалуу Голливуд, “Нетфликс” кинокомпаниялары менен тартууга киночуларыбыз Америкага келгенине абдан сүйүнүп атабыз. “Манастын уулу Семетейди” мекендештерибиз толкунданып көрүшүп, патриоттук сезимдери курчуду” деди Рыскул Султанов.