Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Касмамбетов: “Манас” биздин туу чокубуз, идеологиялык негиз болуп саналат!”

Сүйүнбек Касмамбетов: “Манас” биздин туу чокубуз, идеологиялык негиз болуп саналат!”

04-апрель, 19:30
796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ Ишеналы Арабаев атындагы университетте “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары – улуттук дөөлөттөрдүн негизи” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Мен деген Манас жана Айтматов изилдөөчү окумуштуулар түп көтөрүлө келишип, тийешелүү баяндама жасашып, жарыш сөзгө чыгышып, жыйынды көркүнө чыгарышты. Эл аралык конференциянын модератору мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов алгач “Акылдын ээси, эмгегиңер менен китептериңер, дарстарыңар менен аттын кашкасындай таанымал агайларым, устаттарым отурасыздар. Кечээ президент Садыр Нуркожоевич Жапаров менен ушу конференция тууралуу кенен маек болду. Аябай келгиси келди...” деп, кийинки сөздү, президенттин кайрылуусун, салам-дубайын окуп берүү үчүн президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге жолдоду. А биз Сүйүнбек Сапарбековичти чакан кепке тарттык.

-- Сүйүнбек Сапарбекович, бүгүнкү эл аралык конференциянын жүрүшү тууралуу кыскача оюңузду уксак?

-- “Манас”, Айтматов темасы – түрк дүйнөсүнүн туу чокусу, эң негизги темалардын бири болуп келет. Эң эле кызыктуусу, мамлекеттик катчы болуп дайындалгандан бери ушу конференцияга аябай даярдандык. Үч ай кам көрдүк. Бүгүнкү биздин коференциябызда Түркиядан, Азербайжандан, Өзбекстан, Казакстан, Татарстандагы баардык өлкөлөрдүн окумуштуулары видео-докладдарын жөнөтүштү. Бул улуттун наркы. Көптөгөн түрк дүйнөсүнүн окумуштуулары “Манас” тууралуу “бул кыргыз улутунун канына сиңген, өзүнүн Конституциясы бар турбайбы” деп айтып атышат. Бул жерде экологиялык мамилелер, мамлекеттик түзүлүш тууралуу, ички социалдык мамилелердин баары “Манас” эпосунда кенен чагылдырылган. “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун тыгыз байланышы, улуттук дөөлөт катары биздин жаштарыбыз үчүн, алдыга карай өнүгүшүбүз үчүн, идеологиябыздын бекемделиши үчүн, улуттук наркты, салтты, ынтымакты дайыма бийик туу тутуп, элге жайылтууда ушундай иш-чаралардын өтүшү өтө манилүү деп эсептейм. Бүгүнкү иш-чарада улуттук илимдер академиясынын академиктери, коомдук ишмерлер катышып, өз баяндамалары менен ар кандай ойлорун билдирүүдө. Бул конференция өзгөчө Жумагул Сааданбеков, Осмонакун Ибраимов, Абдылдажан Акматалиев агайыбыз, ушул эле университеттин жетекчиси Төлөбек Абдрахмановдун көптөгөн идея-демилгелери, колдоосу менен ишке ашып отурат. 

-- Айтсаңыз, “Манас” эпосунда камтылган баа жеткис табылгалар, улуттук салт-санаа, көөнөрбөс руханий байлыктар кыргыз мамлекетинин мындан аркы эң негизги идеологиясы болуп береби?

-- Биз эмне маселеге кайрылсак дагы, көптөгөн окумуштууларыбыз, илимпоздорубуз, коомдук ишмерлер, мамлекеттик иш-чараларда өздөрүнүн сөздөрүндө, айткандарында “Манаска” кайрылмайын бир да доклад боло элек. Мисал үчүн, “Манас” эпосундагы Тал чоку – кыргыз мамлекетиндеги экологиялык маселени, анын ажайып дүйнөсүн кеңири ачкан. Семетейдин Таласка келиши – ошондо Бакай карыябыз учурдагы мамлекетибиздин түзүлүшү, социалдык-экономикалык маселелерин жайгашуу, көчүү, конуу, улуттук салт, нарктын баарын эки-үч күндөп аягына чыгарып айта алган эмес. Биздин жашоо философиябыздын башаты, анын өзөгү мына ушундан башталат. Биз эле эмес түрк дүйнөсү да буга көңүл буруп, өзүбүздөн сурабай эле бир жылдын ичинде 60ка жакын “Манастын” айрым эпизоддору, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары байма-бай басылып тургандыгында болуп атпайбы. Мындай учур бизди кубандырбай, сыймыктандырбай койбойт. Биз үчүн биздин туу чокубуз идеологиялык негиз болуп саналышы керек!   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер