Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илим Карыпбеков канчалык бийликке жагалданса да, ажо жанына жолотпосо керек

Илим Карыпбеков канчалык бийликке жагалданса да, ажо жанына жолотпосо керек

31-январь, 20:10
6 706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков кээде соцтармактан акыл айтканы, мотивация бергени, тоолорду багындырганы жөндүү дечи. Бирок, үлгүлүү жактарын терс жоруктары жууп кетип, коомчулуктан жеме угуп калмайы бар. 

Баягы эски адатын таштабай, кошомат кылганы одоно көрүнө калып жүрөт. Маселен, бийликтин оппоненти Адахан Мадумаровду сындап, шылдыңдап, төбөлдөргө жагуунун амалын көрсөткөнү өөн учурады. Фейсбуктагы баракчасына жамандап жазып, “бети жок” дегенге чейин эмоциясын чыгарды. Себеби, Мадумаров Россиянын саясатын колдоп, АКШны кыртышы сүйбөй маек бериптир. Дал ушуну Карыпбеков өз алдынча талдоого алган. Жашоодо идеалдуу деле адам жок. Бүгүнкү күндө бийликке акаарат келтирген, өз позициясын айта алган саясатчылар өтө сейрек. Алардын бири Адахан Мадумаров. Мындай шартта аны каралап жазуу, тескерисинче, саясый аброй алып келет. 

Натыйжада, Илим Карыпбеков канчалык бийликке жагалданса да, ажо жанына жолотпосо керек. Убагында каршы иштегени унутулбайт го? Садыр Жапаров оппозицияда жүргөндө, камалганда... Агездеги КТРКнын “жугундусун” элестетип көргүлө...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер