Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Даават айткан жигитке алданып кала жаздадым, үй-бүлөлүү тура...

Даават айткан жигитке алданып кала жаздадым, үй-бүлөлүү тура...

09-февраль, 18:32
1 855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламатсыздарбы! Мен азыр менин эле эмес көпчүлүк кыз-келиндердин турмушуна кедергисин тийгизип жаткан коомдогу бир көрүнүш боюнча кайрылып жатам. Анда сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтайын.

Турмуштан жолум болбой, жолдошум экөөбүздүн отубуз күйүшпөй, ажырашып кеткенбиз. Өзүм шаардагы кеңселердин биринде иштейм. Мурдараак унаа менен жол кырсыгына кабылып, андан кийин да кыйнала бергендиктен, үйдөгүлөрдүн айтуусу менен Кудайга жалынып, намаз окуп баштагам. Бирок хиджап кийбейм. Күнүгө багымдат жана куптан намаздарын окуп, Жаратканга шүгүр келтирип турам. Ошентип жүрүп эле менин жашоомдо бир жигит пайда болду. Экөөбүз тең турмуш кура элек студент кезде тааныш болчубуз. Кийин көрүшпөй унутушуп деле калганбыз. Арадан он жыл өткөндөн кийин кайрадан жолугуп калдык. Ал да азыр дин жолуна түшүп, беш маал намаз окуйт экен. Кадимкидей даават айтып, эки сөзүнүн бири эле «шүгүр», «тооба» дегенинен ишенип жүргөм. Курулуш материалдары боюнча чакан бизнеси да бар экен. 

Айтымында, аялы менен кайын журту жаман чыгып, жубайынан аябай көңүлү калыптыр. Үйүнө баргысы келбей эле жумушунда түнөп, же мейманканаларда жатып жүрдү. Келинчеги менен “ортодогу балдар үчүн эле сүйлөшөм” дечү. Ошентип сүйлөшүп жүрдүм. Кечкисин видео аркылуу чалууну адатка айлантып алган. Бирок аялы документ түрүндө ажырашууга макулдугун бербей жатканын, бизге жаңы батир алмак болгонун айтып турду. Байкасам, мен да ага көнүп баратам. Ошентип колумду сурады. Бирок «ата-энемди жибере албайм азыр, алгач мындай эле мечиттен нике кыйдырып жашап туралы. Кийин аялым менен ажырашып, анан ата-энемдин алдына алып барам» дегенинен шектене баштадым. Мен да ошол жагына басым жасап, «ата-энең келсин» деп туруп алгам. Кызык ошол жерден башталды. Мен «ата-энең келсин же аялыңдын номерин бер» деген сайын өзүнөн-өзү актанып жатып, ар кайсы калпы чыгып калып жатты.

Бир күнү орток тааныш адамга жолугуп калып, мени алмакчы болгон адамдын турмушу тууралуу четин чыгарсам, ал оозумду ачырды. Көрсө, жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Заңгырагын үйү бар, аялына тигүү цехин ачып бериптир. Кайын журту менен деле мамилеси сонун экен. Муну айтсам, мойнуна албай койду. Ошондон көп өтпөй эле мурункудай оюн түз эле «балп» эттире албай жүрүп, өзүнөн-өзү менден алыстай берди. Анын бул кадамына эмне себеп болгонун түшүнө албайм. Өзү дин жолундагы адам, турмуш куруу ою болсо баарын ачык айтып, таза кадам менен баштаса болмок. 

Бир чети алданып калбай, Кудай сактады деп отурам. Анткени азыр намаз окуган такыбалыгына ишенип, ушинтип машинадан же мечиттен эле нике кыйдырып алып жашап, кийин төрөп алгандан кийин талаада калган кыз-келиндер көп экен. Алар же балдарына алимент ала албай, ортодо калышкан. Кризистик борборлорго ушундай кыз-келиндер көп кайрылат дешет.

Спутник кж
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер