Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташболот Балтабаев: “Улам бир партияга секиргендерди саясый качкын, саткын катары түшүнөлү”

Ташболот Балтабаев: “Улам бир партияга секиргендерди саясый качкын, саткын катары түшүнөлү”

15-август, 11:56
736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бир партиядан экинчисине өткөн талапкерлер тууралуу кандай ойдосуз? Башка мамлекеттерде да мындай көрүнүштөр кездешеби?

-- Партиялардын бириккени, кайра ажырагандары мурда да болуп келген. Мындан ары да боло берет. Биздин шайлоо боюнча мыйзам ошого жол берет. Менин каалоом болсо, мындайга жол бербейт элем. Себеби, “биз парламенттик башкаруу системасын тандап алдык” деп 2010-жылдан бери сайрап келебиз. Бүгүн “А” партиясы менен келген отуз азамат толугу менен ал партияны чанып, “Б” партиясына өтүп кетип жатат. Бул деген парламенттик принциптерди толук бойдон дискредатациялоо катары түшүнөм. Мындай жүрүш менен парламенттик багытты беките да, бекемдей да албайбыз. Тек гана талкалайбыз. Талкалап келе жатабыз. Ошондуктан бул өтө принципиалдуу маселе. Мисалга айтсам, “парламенттик” деген мамлекеттин эң тажрыйбалуу үлгүсү катарында Англияны алсак болот. Ошол жерде либералдык, консервативдик жана дагы башка партиялар бар. Ал жакта либералдык партияда жүргөндөр эч качан өзүнүн тутунган багытын өзгөртүп, башка бир партияны ачып алып кирбейт. Эгерде ал партиянын иши жүрбөсө, ийгиликке жетише албаса, эл ишениминен чыга баштаса, биринчи кезекте партиянын программасын оңдойт жана лидерин алмаштырат. А бизде “А” партиясында “кыйратабыз, жыргатабыз” деп туруп, беш жыл өтпөй жатып баары качып, башка партияга кирип кетет. 

Биригүү, жаңылануу, жаңы партияларга өтүүнү дезертирлик катары санаш керек. Мындай адамдарды саясый качкын, саясый саткын (!) деп түшүнүү шарт. Бул көрүнүштөр таңгалычтуу эмес, бирок туура эмес. Эгер ал партия сага жакпай калса, официалдуу түрдү билдирүү жаса. “Мына мындай иштери, программалары менин көз карашыма туура келген жок. Ушул себептерге байланыштуу чыктым” деп ачык айтып чыгышы керек эле. Беш жыл ал партиянын атынан мандат алып иштеп жүрүп, беш жылдан кийин үн катпай жүрүп эле анан башка партиянын мүчөсү болуп, эми “жыргатып жиберебиз” деген эски жүздөр биригип кетип жатышат. Мындай болбош керек да. Ошондуктан, муну кыргыз парламентаризминдеги болуп көрбөгөндөй жаман нерсе катары эсептейм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер