Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргыз Эл Баатыры болом” деген Карганбек Самаковду түрмө түзөбөптүр...

“Кыргыз Эл Баатыры болом” деген Карганбек Самаковду түрмө түзөбөптүр...

04-декабрь, 09:00
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сот аркылуу Карганбек Самаковдун күнөөсү далилденип, соттолгону эсибизде. Архивдик материалдар жетиштүү. Элдин байлыгына, үлүш жерине кол салганы кантип унутулат? Убагында чоң резонанс жаралган. “Чубактын кунундай чубалган” да. Жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча 2017-жылдын декабрь айында 10 жылга камалган. Эми ушул адам акыл үйрөтүп, башыңарга чыгабы?

Жакында Карганбек Самаков өзүн-өзү Кыргыз Эл Баатырлыгына көрсөтүп, кызыктай окуя жаралды. Аты-жыты анчейин белгисиз коомдук уюмдар сүрөп аткан имиш. Көшөгө артынан акчасын чачса, анан бир үркөрдөй топ колдоп койсо, натыйжада, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине догурунушуп, көпчүлүктүн талабы сыңарындай афёра ыкмасын кыла беришеби? Жандан түңүлөсүң да! Натыйжада, бийлик көз боёмологон мындай жорукка билмексен болуп, Кыргыз Эл Баатырын берип койсо, анда мамлекеттүүлүккө шек кетет да. Ансыз да жогорку даражадагы наам, сый-ургалдардын кадыры кетип аткан чакта, Карганбек Самаков биротоло карашын окуп, каргаша кылгандай образ жаратабы? Себеби, ал Байтик, Кара-Жыгач, Лебединовка аймактарындагы ондогон, жүздөгөн гектар жерлерге алдамчылык жол аркылуу ээлик кылганы, Жаныш Бакиевдин күчүн пайдаланганы, калың элди сыздатканы унутулдубу? Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда үлүш аянттарын тарттырып жиберген Аламүдүн районунун тургундары улам арызданып жатышып, Карганбек Самаковдун жүзү ачылган. Кылмыш иштери козголуп, камалганы тарыхый барактарда калды. Оппозиционер болуп кордук көрсө бир жөн, бул тек гана обору ачтыгынан, элдин ырыскысын жегенинен түрмөгө түшүп атат да, туурабы? Ушул ишке туташ ири инвесторлорду алдап кеткеничи? 

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин заман алмашып, Карганбек Самаков баш көтөрө баштады. Акталымыш этип, кордук көргөн адамдай баш чайкап, жаңы бийликке жакындап, мамлекеттин карамагына алынган шектүү байлыктарын кайра өзүнө кайтарып, көмүскөдөн көгөрө жортуп, телчигип, боор көтөрүп алды го? Натыйжада, “Кыргыз Эл Баатырын алам” деп эдиреңдеп жүргөнүнө караганда, түрмө деле сабак болбоптур. Элди шылдыңдаганыбы? Канча деген карапайым адамдарды боздотту эле? Бул боюнча кенен сөз али алдыда... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер