Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Шоки” менен Эдилдин ОПГга кандай байланышы бар? Кулак кагыш!

“Шоки” менен Эдилдин ОПГга кандай байланышы бар? Кулак кагыш!

04-август, 12:30
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМК, ИИМ тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун тазаланышы, мындайча айтканда, дээрлик баардыгы камакка алынганы белгилүү. Бирок күч органдарындагы булактарыбыз билдиргендей, Бишкек шаарында “Шоки” каймана атындагы Камчы Көлбаевдин жасоолу эркиндикте жүргөнү, ошондой эле Жалал-Абадда Эдил аттуу дагы бир жакыны кармалбаганы эмнени каңкуулайт? Убагында ОПГнын көрүнүктүү лидерлери болсо, учурда кантип сакталып калды? Таасирдүү генерал, полковниктер калкалашабы? Бул боюнча күч органдарындагы адилеттүү, таза кадрлар кеп кылышууда. “Шоки” менен Эдилдин өткөн чагы, ОПГга карата байланышы көпчүлүк оперлерге белгилүү экени айтылууда. Аныгында, ушул жагынан маалыматтар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жетпей жатабы? Баам сала туралы, балким кара кылды как жарган калыстыкка күбө болуп каларбыз.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер