Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исмаил Исаков, экс-министр: “Авторитардык, тоталитардык режимдердин ыкмаларын колдонуудан баш тарталы”

Исмаил Исаков, экс-министр: “Авторитардык, тоталитардык режимдердин ыкмаларын колдонуудан баш тарталы”

24-февраль, 21:48
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Балдары ата-энесин карылар үйүнө өткөрсө, анда дүнүйө-мүлккө мураскерлик кылууга укугу болбосун” деген демилге көтөрүлдү. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-- Менимче, мындай демилге таптакыр туура эмес жана Башмыйзамга карама-каршы келет. Ал мыйзамда “карылар үйлөрүнүн шарттары кандай болушу керек? Канча карыга канча персонал (врач, медайымдар жана башка тейлөөчүлөр) тейлеши керек? Тамактарынын калориясы кандай? Ошондой эле карылар үйүнө инвестиция кылган жана туруктуу көмөк көрсөткөн жеке фирмаларга мамлекеттен жеңилдиктин түрлөрү барбы?” деп баарын камтып мыйзам жазса, бүгүнкү жашап жаткан базар системасына төп келмек жана Конституцияда бекитилген социалдык өлкөнүн багыттарынын бирин аткармакпыз.

-- Эмне үчүн демилге таптакыр туура эмес?

-- Себеби, баарыбызга маалым болгондой, карылар андай үйлөргө ар кандай шарттар менен жагдайлардын негизинде барышат. Биринчиси, балдары айласыздан таштап кетишет. Жумуш жоктугунан мигрант болуп кеткенде, ата-энесин кароосуз калтырбоо үчүн карылар үйүнө ташташат. Экинчиси, балдарын кандайдыр бир себептен жаштайынан таштап кетип, кийин балдары чоңойгондо пайда болуп, “карыганда мени багасың” деп бири-бири менен келишпегендиктен да карылар үйүнө барышат. Үчүнчүсү, ден соолугуна байланыштуу болот. Төртүнчүсү, өз каалоосу менен, айтор, тизмелей берсең ал жакка баргандардын түрдүү себептери бар. Шарттар менен жагдайларды жана реалдуу турмушту эске албай, бардыгын аскерлердей бир катарга тизип алып, «ата-энелерин таштап кетти» деген клеймону балдарына илип, алардын абройлорун эл арасында түшүрүп, анысы аз келгенсип, эгерде ата-энелери балдарынын күнөөлөрү жок эле карылар үйүнө барып калган учурда, кандайдыр бир мүлктөрүн өз ыктыяры менен берем десе, ага мыйзамга тыюу салуу болбогон нерсе. Анүстүнө биз укуктук мамлекетте жашагандыгыбызды дагы унутпашыбыз керек. Укуктук өлкөдө эгерде ата-энелери мурас кагаз калтырып кетпегенде дагы, кандай шартта, мөөнөттө балдарына өтө турган мыйзамдар бар. Ал мыйзамдар таштандыга ыргытылбайт, кайрадан жаңы мыйзам менен карама-каршылыкты жаратып коёт. Карыган адамдарды эгерде жакынкы аралыкта жашаган балдары карабай башка адамдар карап, ооруп калганда дары-дармегин алып келип, тамак-ашын даярдап, кирлерин жуп, камкордук көрсөткөндөргө, мүлктөрүн балдарына эмес ошол карагандарга мурас кылгандар абдан көп кездешет. “Балам караган жок, кызым көп карады” деп кыздарына ыктагандар толтура. Ошондуктан, демилгечи авторитардык жана тоталитардык режимдердин ыкмаларын колдонуу аракеттеринен баш тартып, карыган адамдын укугун чектебей, мүлктөрүн кимге өткөзөрүн өзү чечиши керек. Бүгүнкү реалдуу турмушту жана өлкөдөгү орногон системаны эске алып, өзүнүн мыйзам долбоорун жазардан мурда өнүккөн өлкөлөрдөгү карылар үйлөрүн өз көзү менен көрүп, керек болсо сүйлөшүп, жашоо шарттары менен таанышып келип, анан ошондогудай карылар үйүнө шарт түзүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун жазса, бүгүнкү жашап жаткан заманыбыздын жана социалдык өлкөнүн талабына туура келмек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер