Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Кыргыз эли үчүн Кудайдын ролун аткарып атам”

Арстан Алай: “Кыргыз эли үчүн Кудайдын ролун аткарып атам”

27-март, 12:16
861 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан иним, учурда эмне менен алексиң?

-- Адамзаттагы ар бир улуттун, элдин, кайсы бир адамдын жашоодогу жаралуу максаты бар. Ал эч качан алкаш же наркоман болоюн дебейт, эң ириде өзөктү өстүрөйүн, кызмат кылайын (!) деп келет. Мен да учурда өзөгүмдү өстүрүп, түшүнүгүмдү кеңейтип, ааламдык кызматымды аткарып атам. 

-- Жаз мезгили адамзаттын эски ооруларын козгойт эмеспи, ошону менен бирге жаңылануу процесси жүрөт. Ушу боюнча кыскача оюңду уксак дегем?

-- Адам жаралганда мүмкүн тил, оозу жок жаралгандыр. Кийин, таш кылымдан коло дооруна өткөндө отту ойлоп таап, темирди иштетип, капиталисттик формациядан социализмге өткөндө илим, техникаларды өздөштүрүп, бир далай эволюциялык жолдорду басып өттү. XXI кылымда адамдын гени болушунча жетилди. Эми адам өзүнүн психологиясын өзгөртпөсө, периштенин, Арбайдын, Кудайдын ролун аткарып калбаса, анда жетилген ген чирийт. Адамдардын басымдуу бөлүгү ооруй баштайт, ааламды вирус каптайт, айыкпас дарттар чыгат. Медицинанын, техниканын деле алы келбейт. Бир гана жолу – аалам тартуулаган күчтүү энергияны ала жүрүү керек. Мындай учурда кыргыз элинин жандүйнөсү ааламга жарактуу болгондуктан Кудайдын ролун аткарып, кубулуп атканым да бекеринен эмес. Жаңы доордо адамзат кубулууга абзел. 

-- “Кубулуп” дегениңди түшүнбөй калдым?..

-- Кубулуу деген сөз – асмандагы Кудайдын духу Арстан Алайга киргенде, кубулуп, денеси өзгөрүлүп, ишмердүүлүгү өзгөрүп, айткан сөзү мыйзам, ой толгоосу мыйзам болот. Ушу кызматты аткарып атабыз. 

-- Башмыйзамдын жаңы реадакциясы менен таанышып көрдүңбү?

-- Азыркы Башмыйзам иштеп бербейт. Элгеби, өзүнүн башынабы же бийлик башындагыларгабы – жакшылык апкелбейт. Ааламдын талабы башка да. Арстан Алай бозүйдүн түндүгү болсо, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери уук, ал эми карапайым эл кереге болуп ааламды сактап калышыбыз керек. 

-- Негизи эле Конституция – бул мыйзам талаасыбы же?..

-- Кыргызды башкаруу мыйзамы бул – касиетин, тереңдигин, улуулугун, улуу духун, өнөрүн, жөлөмө күчүн, тарыхын, куттуу эл экендигин даңазалап, мыйзам түптөш керек. Башка жол жок. Батыш элине таянам, теңелем деп Теңир тозогун ушул күнгө чейин көрдүк, кыйрадык. Байыркы кыргыздын салты, ырымы, кыргызчылыгы – Конституция болуп иштеген. Элибиз тоодо отуруп өнүккөн, бозүйдө жашап боштондукка чыккан. Кыргыздын жолун тааныбай туруп жол баштасаңКудай, ата-тегибиздин Арбайы урат, алаамат иш болот. Кыргыз өзүн тааныса, аткан октой өнүгөт. 

Кыргыз журтунун Конституциясы бул – канындагы табигый мыйзамы, кыргызчылыгы, жөнөкөйлүгү, жоюлбаган керемети, көсөмдүгү, астанадагы жайгашкан ата-тегинин арбайы, жылдыздагы түбөлүктүү орду, тегиздиги, табияты, баш ийген шаманчылыгы, кой мүнөздүгү, жүкчүлдүгү, убагы келгенде учуп чыгып көңүлүнө жакпаган бийликти тескегени, соттогону, бийлегени, ачыла элек сыры, көптөгөн кара кыргыз аталышы, том-том болгон ой мүнөзү болот. Кыргыз байыркы дейбиз, бирок Батышты ээрчип кор болобуз. Керек болсо, кыргыз – табиятты тейлеп, заманды утурлаган, кылымды жетектеген, эч кимди ээрчибеген, алгыр тапталган куш. Аалам-жерди тааныган, адамзатка тагдыр буюрган, Көк Теңирдин сырын кийген, кайыптан кырк үр кыздан (40 периште) жаралган кыргыз эл. Алмуздактан өлбөс-өчпөс, өңү оңбос, кемибес Жер Эненин улуу кенчи.

Улуттук Конституция – элдин менталитети жана идеологиясына карап түзүлөт. Учур шартка ылайыкталып, жөнөкөйлөштүрүлөт. Конституция жазылганда улуттун түпкү менталитетине, идеологиясына каршы түзүлбөш керек. Өз мекенинде эне сүтүндөгү, ата канындагы өзгөчөлүктү кеңири байкап, эркин чабыттап уча ала турган куштай мүмкүнчүлүк болуш керек. Элдин канындагы сырын билбей туруп сырттан мыйзам таңуулай берсек, чүнчүп, бук болуп, бунт чыгарат. Көкө Теңир туюп тургандай, ар элди туурап отуруп, өнүкпөй турган коркунучтуу жолдо калдык. Себеби, өзүнүн тегин тааныбаган эл кор болот. Жаңыча жашоону күтүп жаткан тегибизди, элибизди эске алып, куттуу менталитетибизди Башмыйзам кылып алсак, Теңир колдоп, тегиз заман орномок. Менталитетти тезинен иштеп чыкпасак, эми чындап узабай, улуттарга жем болобуз. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер