Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыркул Ашимбаев: “Жасалып аткан иштер – жаңы ийгиликтерге өбөлгө түзөт”

Сабыркул Ашимбаев: “Жасалып аткан иштер – жаңы ийгиликтерге өбөлгө түзөт”

18-март, 11:57
835 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев учур кырдаалына жараша айыл чарбасы, жер иштетүү жана туризмди өнүктүрүү боюнча ойлору менен бөлүштү.

-- Саламатсызбы, Сабыркул Абасович! Быйыл Нарын облусунда айыл чарба тармагында жаңы демилгелер колго алынып жаткан экен. Ушул боюнча кененирээк маалымат берип өтсөңүз?

-- Президентибиз Садыр Нургожоевичтин аракети менен баардык тармактарда, анын ичинде айыл чарбада да көзгө көрүнөрлүк кадамдар жасалууда. Нарын облусу айыл чарбасына ылайыкташкан мал киндиктүү аймак болгондуктан, бул жааттан жасалган реформалар облусубуздун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө абдан чоң таасир этет. Ошондуктан биз быйыл айыл чарба тармагын кластердик ыкма менен өнүктүрүү максатындагы бир катар долбоорлорду пландап, ал боюнча иш-аракеттерди баштадык.

2022-жылдын 1-январына карата Нарын облусунда ири мүйүздүү мал 199 миң башка, кой-эчкилер 1 миллион 115 миң башка, жылкылар 137 миң башка жетип, ири мүйүздүү малдын башы 12 миң, кой-эчкилер 15 миң, жылкылар 6 миң башка көбөйдү. Бирок, багылып жаткан малдын породасы бузулуп, өндүрүмдүүлүгү начар болгондуктан, фермерлер өздөрү ойлогондой киреше таба албай келишүүдө. Ошондуктан, малдын башын эле көбөйтө бербестен, сандан сапатка өтүп, асыл тукум мал багуу учурдун талабы болууда. Мындай болгон шартта жайыттарга аз сандагы мал жайылып, сыйымдуулук азаймак. Натыйжада жайыттар жакшырып, малдын табигый азык менен мол камсыз болушу, өндүрүмдүүлүгү жогору болуп, малчылардын, фермерлердин киреше булагы көбөймөк. Жыл ичинде облус боюнча 57 миң тонна эт, 136 миң тонна сүт, 2 миң тонна жүн өндүрүлсө, бул көрсөткүч жакынкы жылдарда 2 эсеге чейин көтөрүлмөк. 

-- Сапаттуулук жагына да токтоло кетсеңиз?..

Ушундай максатта кластердик ыкма менен эт, сүт, жүн багытындагы асыл тукум малдын башын өстүрүү аракеттери башталды. Алсак, малдын асылдуулугун арттыруу багытында айыл чарба министрлиги тарабынан 5 миллион долларлык долбоор каржыланары Садыр Нургожоевич премьер-министр кезинде эле каралган. Бул иш жүзөгө ашып, облустун аймагында 4000ден ашык сүт багытындагы уйларды багып-өстүрүп, сүт кластерин уюштуруу боюнча жумуштар башталды. Долбоордун алкагында сүт кабыл алуучу пункттар ачылып, сүт заводдорунун иши жакшыртылат. Ар бир үй-бүлөгө лизинг жолу менен бирден сүт багытындагы уй багууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. 

-- Жем-чөбүнө кам көрүү да өзүнчө түйшүк эмеспи?

-- Асыл тукум мал кармаш үчүн сөзсүз тоют базасын жакшыртуубуз керек. Жылына 400-430 миң тонна кесек тоют даярдалат. Бирок, кесек тоют асыл тукум малдын тоюттануусуна жетишсиз. Ошондуктан ага кошумча керектүү витаминдерди: чыктуу тоют, силос даярдоону колго алуу, рационду туура сактоо талап кылынат. Ал үчүн жүгөрү айдалган аянттарды кеңейтүү жана малдын кармалып туруучу жайын талапка ылайык келтирүү керек. 

Тоют топтоону жакшыртууда ирригация системасына көңүл буруубуз зарыл. Быйыл облустун ирригация системасына 121 миллион сом каражат бөлүнүп, буюрса бир катар суу чарба объектилери жакшыртылганы турат. Айдоо аянттарына суу жеткирүүнү жакшыртуу үчүн ашар жолу менен ички чарбалык каналдарды тазалоону дагы колго алып жатабыз.

-- Каралбай калган жер кыртыштары кеңири го... Ушул көйгөйгө кызыгып көрдүңүзбү?

-- Нарын облусунда башка облустарга салыштырмалуу айдоо аянттары иштетилгени менен өздөштүрүлбөй калган жер аянттары арбын. Алсак, өткөн 2021-жылы 40198 гектар жер айдалып, 10762 гектар жер пайдаланылбай калды.  Бул маселени чечүүдө кайрак же суу жетпеген аянттарга сууну аз талап кылган сафлор өсүмдүгүн өстүрүп, май чыгаруучу завод куруу боюнча иш алып барып жатабыз. Буюрса жаз алды менен ар бир райондо сафлор өсүмдүгүн өстүрүү иши колго алынат. Эгер биз күткөн натыйжа болсо кийинки жылдары сафлор өсүмдүгүнөн май чыгара турган завод куруп, алынган продукцияны өзүбүздүн керектөөбүзгө колдонуу иштери жолго коюлат деген үмүттөбүз. Сафлор өсүмдүгүнөн май өндүрүү элибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо менен бирге экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачарына ишеним зор. 

-- Дагы башка өсүмдүктөрдү кайра иштетип чыгууга аракеттер барбы?

-- Ошондой эле биздин акимдерибиздин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, карагат, чычырканак, мөмө жемиш бактарын кластерлерди түзүү менен өстүрүүнү колго алып жатабыз. Облус боюнча 3000 гектар аянтка чычырканак, 2000 гектар аянтка карагат көчөттөрүн отургузуу иштерин алып баруубуз керек. Бул иш президентибиздин “2022-жылды тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткарууга да үндөшүп, экологияны туруктуу кармоого шарт түзмөкчү.

Жакында эле айыл чарба форумун өткөрүп, айыл чарба, финансы министрликтеринин, тийешелүү департаменттердин, коомдук уюмдардын, өлкөдөгү тажрыйбалуу дыйкан, фермерлердин жана Нарын облусунун акимдеринин, айыл чарба кызматкерлеринин, дыйкан фермерлеринин катышуусунда бул маселелерди талкуулап алдык. 

-- Дыйкан-фермерлерге техника алып берүү жагын да колго алып жаткан экенсиз... 

-- Быйыл дыйкан-фермерлерди колдоо максатында мамлекет тарабынан “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору менен 6 пайыздык насыя берилип жатат. Бул долбоорго республика боюнча 6 миллиарддан ашык каражат жумшалат экен. Биздин дыйкан-фермерлерибизге тамчылатып сугаруу техникасын киргизүүгө, үрөн, бал, балык чарбаларын жакшыртууга, лизинг жолу менен техника, мал алууга болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. 

Айыл чарбасындагы кластердик ыкмаларды ишке ашыруу үчүн техникалар керек. Бул жагынан дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү максатында лизинг жолу менен ар бир райондогу бирден муниципалдык ишканага бирден техника алып берели деп атабыз. Башкача айтканда, Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан техникалардын баштапкы 30 пайызын төлөп берели деп демилге кылдык. Буюрса муниципалдык ишканалар техникаларды иштетип, бара-бара калган суммасын төлөй беришет. 

-- Туризм тармагында да чоң иштер башталган экен... 

-- Туура айтасыз, Кыргызстандын, анын ичинде Нарын облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошо турган негизги тармак – туризм тармагы болуп саналат. Себеби Улуу Жибек жолунда жайгашкан Нарын облусунун географиялык артыкчылыктары: жаратылыш климаты, ак мөңгүлүү тоолору, шар аккан суулары туризм тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзүп турат. Нарын облусунун туризм тармагын эл аралык деңгээлге көтөрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан бийик потенциал бар. Айрыкча жайлоо, кышкы тоо туризмин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр кеңири.

Туризм тармагын өнүктүрүүгө өлкө башчысы тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп, Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 18-декабрындагы “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө” жарлыгында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жана туризмди колдоо фондун түзүүнү колго алуу жагы белгиленди. 

Нарын облусунун туризм тармагындагы потенциалын пайдаланып тармакты өнүктүрсөк, биздин облуска дагы көптөгөн киреше кирип, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылары белгилүү. Бул үчүн биринчи кезекте туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү, тейлөөнүн сапатын көтөрүү, туристтик жайларга барчу жолдорду, инфратүзүмдү жакшыртуу зарыл.

Биз кызматка киришкен күндөн баштап эле Нарын облусунун туризм тармагын өнүктүрүүгө көңүл буруп, бул тармакта иш алып барган мекеме-уюмдардын башын бириктирип, “Нарын туризм ассоциациясын” түздүк. Облуста биринчи жолу туризм форумун өткөрдүк. Борбордук Азия университетинин материалдык-техникалык колдоосу менен облусубуздун туристтик жайларын тасмага түшүрүп, видеотасма даярдадык. Облустун туристтик логотиби, сайты иштелип чыкты. Дестинациялык менеджмент жана маркетинг, гиддерди окутуу маселелерин чечтик. Андан тышкары заман талабына ылайык туристтик маалымат борборун куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Ар бир райондо туристтер үчүн ыңгайлуу шарты, интернет байланышы бар жуунуп эс алуучу жайларды (кемпингдерди) куруу аракетин көрүүдөбүз. Эң негизгиси “Нарын облусунун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата стратегиялык планын” иштеп чыктык. Стратегиялык планда туризм тармагын 5 жыл ичинде өнүктүрүүнүн долбоорлору, аларды ишке ашыруунун жол картасы камтылды. Башкача айтканда, дүйнө эли үчүн Нарын облусунун туристтик образы ачылып берилди. Буюрса, бул пландын негизинде Нарын облусунун туризм тармагын мамлекеттик фонддун, “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен жана эл аралык өнөктөштөрдүн, ички, тышкы инвесторлордун колдоосу, жергиликтүү бийликтин аракети менен жогорку деңгээлге көтөрүү максатыбыз бар.

-- Учурдагы азык-түлүк бааларынын ашыкча көтөрүлүп кетишин ооздуктоо боюнча Нарын облусунда кандай чаралар көрүлүп жатат?

-- Азык-түлүктүн бааларын көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзүү боюнча баардык райондордун акимдерине, шаар мэрине тапшырмалар берилди. Соода түйүндөрүн кыдырып, соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Кээ бир соода түйүндөрү бааны көтөрүү максатында ун, май, шекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөрдү сатыкка чыгарбай катып отурушканы тууралуу маалыматтар да келди. Бул маселени чечүү максатында дүң соода кылгандар менен сүйлөшүп, жер-жерлерде дүң баада азык-түлүк жарманкелерин уюштурууну колго алдык. Бул боюнча баардык райондорго тапшырмалар берилди. Буюрса 19-мартта Нарын шаарында жарманке уюштурууну пландап жатабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер