Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирбек Ажыкулов: “Сырткы өлкөлөрдөн товарлар келбей, чек аралар көйгөй жаратууда”

Темирбек Ажыкулов: “Сырткы өлкөлөрдөн товарлар келбей, чек аралар көйгөй жаратууда”

07-ноябрь, 09:46
765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөбүздөгү октябрь төңкөрүшүнөн кийинки ишкерлер абалы тууралуу токтолсоңуз?

-- Жалпысынан Кыргызстанда кандайдыр бир туруксуздук болгондо абал курчуйт. 6-октябрдагы төңкөрүштүн кесепети чоң болду. Айрым чоң компанияларды өрттөп жиберишти. Бул дагы эл аралык чоң инвесторлорго сигнал болду. Дүйнөлүк коомчулукка “Кыргызстанда кандайдыр саясый келишпестик, төңкөрүш болсо эле өрттөп, чачып, тоной берет экен” деген пикир калтырды.

Экинчиден, ар бир революциядан кийин аткаруу бийлиги ж.б. көп структуралар  иштебей калат. Иштеп турушса да, “баары бир өзгөрөбүз, кетебиз” дегендей кагаз колдонбой, коркуп калышат. Ушундай эки терс таасир орун алат. 

Үчүнчүдөн, эл аралык деңгээлдеги карым-катнашыбыз токтоп, же тоскоолдуктар жарала баштайт. Алардын бири чек ара көйгөйлөрү. Кошуна Казакстан, Өзбекстан да өткөрбөй, көйгөй жаратып жатышат. 

-- Торугарттан товарларын өткөрө албай “Дордойдогу” ишкерлер беймаза болууда...

-- Торугартта көйгөй күч алып, “Дордой” февраль айынан бери эле жакшы иштей элек. Товар алып-берип жүгүртө албай, бир эле Кытайдан, Казакстандан эмес, Түркиядан, Дубайдан да жакшы товарлар келбей жатат. Бул ортодогу карым-катнашыбызга терс таасирин тийгизүүдө. Кечээ жакында “Дордойдогу” ишкерлер митингге чыгышты. Бул аргасыздык болду. 6-8 айдан бери жумушсуз отурушат. Алар чыгып ызылдаганда эле ачылып калат (!) деген ойдон алысмын. Бирок бийлик, мамлекеттик органдар себептерин ишкерлерге түшүндүрүп, маалымат берип туруулары керек эле. Торугарттын ачылар-ачылбасы боюнча так маалымат беришсе болмок.

“Эркечтам ачык, а эмне үчүн Торугарт жабылып турат?” деген суроо бар. Кайра эле “бир адамдын, же бир компаниянын чөнтөгүнө кетип жатабы?” деген ойго түртүүдө. Биздин экономикабыз өтө эле саясатташып кетип, ошого жабылып жаткандай.

-- Кандайдыр бир жол тапса болот да?

-- Чечүү жолу оңой эле. Мамлекет башындагылар элди ойлошуп, ыкчам түрдө сүйлөшүү жүргүзүшүп, ырааттуу нукка салса болот. Мунун баары мамлекет башындагылардын колунда.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер