Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миталип Мамытов: “Уу коргошунду фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң”

Миталип Мамытов: “Уу коргошунду фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң”

22-апрель, 14:12
904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча билдирүүсү катуу талкууланууда. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

-- Уу коргошун боюнча менин пикирим оң эле. Болгону ошону жакшынакай кылып өзүнүн жолу менен сергектикти сактап, медицинада айтылгандай дозасын бекемдеп, керек болгон ооруга берилсе, жардамы болушу мүмкүн.

Эгерде көп кишиге колдонула турган болсо, медицина жагынан текшерип,  фармацевтикалык компаниялардан текшерүүдөн өткөрүп, андан соң колдонууга болот. Жөн эле бере бергенде туура эмес жолго түшкөн болуп калабыз. Ошондуктан баарын өз жолу, өз эрежеси менен кылбасак, же бир аз эле дозасынан каталык кетип калса кооптуу. Ошондуктан фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң. 

Айрыкча онкологиялык ооруларга башка эч нерсе жардам бербей калганда гана ошондо колдонууга болот. Айла жок болгондо гана берилет. Эгер маасалык түрдө берилчү болсо, эксперимент катары колдонуп көрүп, мыйзамдаштырып, катуу көзөмөл менен гана колдонгон оң (!) деп эсептейм.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер