Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Айбек Жунушалиев башаламан курулуштарды, жолдорду ыраатка сала албай убара

Мэр Айбек Жунушалиев башаламан курулуштарды, жолдорду ыраатка сала албай убара

11-июнь, 10:01
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ататүрк” паркындагы үйлөрдү буздурууга чамынган Айбек Жунушалиев карапайым элдин каарына калууда. Талашка айланган жерди мурдагы чиновниктер 15-20 жыл илгери бийлик адамдарына таратып беришсе, алар сатып жиберишсе, баягы эле ишкерлик менен алектенген карапайымдар жабыркаган жатышпайбы. Ансыз да өмүр бою тапкан-ташыгандарын үйгө салышканын айтышууда. Бирок дугдуңдаган шаар башчы буйрукту аткарып, чегинчүдөй эмес. 

Ушул жерден артка кылчайып, олуттуу кепти эске салалы. Маселен, Курманбек Бакиевдин режиминен бери Бишкек шаарынын көрүнгөн жерине көп кабаттуу элиталык үйлөр салынып, бирок элге жетиштүү шарт түзүлбөй келди. Ар бир бийлик келген сайын көмүскөдөн туйтунушуп, үй кургандар менен тийешелүү жетекчилер чөнтөктөрүн кампайтышканын кантебиз? 2020-жылдан кийин да башаламан курулуштар токтогон эмес. Ошол көп кабаттуу үйлөрдө балдар ойной турган бакчалар жетишсиз, машина коё турган жерлери жок. Эптеп эле чампалашып келе жатышат. Негизи курулуш компаниялары 70-80 пайыз заманбап талаптарга ылайык иштешпейт. Ушул өңүтүн Айбек Жунушалиев калыс карап, ырааттуулукка салбайбы? Эки жолу мэр болду, бирок жогортон кандай талап болсо, ошого жараша багыт алып, жалпы масштабдуу түрдө ойлоно албайбы? Биз шаардагы негизги көйгөйлөрдүн бирине токтолуудабыз. Баардык башаламандыктарды санай берсек, дегеле сөз бүтчүдөй эмес.

Таңгаласың да, ушундай кейиштүү жагдайда мэр жөө басканын жеңил-желпи пиар катары жарыялап, элдин күлкүсүн келтирүүдө. Шаар ичиндеги жолдордун тешик жыртыгын, ыраатсыз көрүнүштөрдү айтпай ак коёлу. Асанбайдагы талкаланган тротуар ошол боюнча жатса, Көк-Жар конушундагы негизги трассаны каздырып салып, жумушчулары тарап кеткенби (?), айтор, эки айдан бери чаң сапырылып, элдин баары нааразы болушууда. Буга көзөп айтып, шалаакылыгын көргөзүп турбасаң иштебейби?  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер