Алмаз Маткасымов менен Данияр Абдыкаров “кой терисин жамына” чыга келишеби?


Мурдагы бийлик учурунда Алмаз Маткасымов саясый буйруктарды соттордун чечимдери аркылуу жүзөгө ашырууга басым жасап, куугунтук жасатууну көзөмөлдөп, президенттин администрациясында, кийин УКМКда иштегени айтылып келет. Бул фигуранын артынан бир топ саясатчылар, журналисттер жабыркаганы жалганбы? Ошентип, Сокенин бийлиги кезинде Маткасымовдун улам айыбы ачылып, Жогорку Кеңештен бери талкууга алынып, акыры кызматынан кеткен.
Учурда ал түлкүдөй жүрүш салып, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жакындап алганы, андан соң Камчыбек Ташиевдин колтугуна кирүүгө далбастаганы айтылууда. Күч органдарын башкарган лөктөрдү колго алса, анан эски баш айлантма жоруктарын жасап, жагынууга өтөбү? Алмаз Маткасымов өзү эле эмес, өнөктөшү Данияр Абдыкаров да бийлик короосуна кирүүгө, ички иштер министрлигине жетүүгө далбас урганы тар чөйрөдө козуй баштаптыр. Бул эргул убагында Улан Ниязбековду куугунтуктаганын укканбыз. Чечмелей келсек көп сөз...
Өздүк булагыбыз билдиргендей, акыркы убакта Алмаз Маткасымов менен Данияр Абдыкаров тымызын аракетке өтүшүп, Курманкул Зулушевдин артынан Камчыбек Ташиевдин ишенимине кирүүгө белсенип атышабы? Эски плёнканы артка түрдүрүп, учкай көз чаптырып койбойлубу. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда Алмаз Маткасымов сотторду көзөмөлдөп, оппозициячыл саясатчыларга куугунтук жасатып, каматып келгени жалганбы? Данияр Абдыкаров ИИМдин орун басары кезинде баарын калчап турган, башка былыктарын айтпасак да, Садыр Жапаровдун балдарын чагымчылык аркылуу сабатып, аёосуз зордук-зомбулук көрсөткөнү унутулуп калабы? Кечээги убакты эстей жүрүү керек. Өтмүштөн сабак алуу ашыкча болбос...
Натыйжада, “кой терисин жамынган карышкырлар” ар заманда баш көтөрө беришет тура...










