Акыркы кабарлар
» Коом » Мавлян Аскарбеков: “Жаза аткаруу системасы көп жылдардан бери реформага муктаж”
Мавлян Аскарбеков: “Жаза аткаруу системасы көп жылдардан бери реформага муктаж”
24-январь, 19:30


-- Мавлян мырза, бир нече сот процесстерине катышып эл үнүн бийликке жеткирип келесиң. Бүгүн да бир топ активисттер камакта жатышат. Алар жаткан же жалпы эле түрмөлөрдүн акыбалы кандай? Активисттердин, айрыкча аялдардын ден соолугуна кандай таасири тийиши мүмкүн?
-- Тилекке каршы, жаза аткаруу системасы көп жылдардан бери реформага муктаж. Бүгүн дагы ал реформа жүрбөй жатат. Бизде СССР убагынан калган сот системасы жана жаза аткаруу системасы уланып келүүдө. Ал жакка түшкөн көптөгөн жарандардын тагдыры жана ден соолугу талкаланып чыгып атат. Негизи камалган активист жана саясатчылар өзүнчө отурушу керек эле. Мен билгенден азыр баарын аралаштырып салышты. Камоо шарттары өтө оор. Мен дагы убагында бир нече ирет соттолуп, бир нече ирет камалгам. Мен анын ички абалын көрүп келгем. Ал жакта психологиялык гана оорчулук болбостон, түздөн-түз ден соолугуна залака келе турган оор абал бар. Ошондуктан биз демократиялык өнүккөн өлкө болобуз десек, жаза аткаруу системасын толук реформалап, түрмөлөрдү жаңы стандарттарга жооп бергидей курушубуз керек."Азия Ньюс" гезити











