Кеңешбай Тайлаков: “Койдун эти бизде 560 сом болсо, Казакстанда 450 сом”
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай мырза менен учурдагы айрым азык-түлүктөрдүн баасы боюнча азыноолак маектештик.
-- Эт азыгы карапайым элдин чөнтөгүн каңтарган, туруктуу баага муктаж азык. Сиздердин эттин баасын туруктуу сактоого аракетиңиздерди угуп калдым...
-- Сиз белгилегендей, эт азыгына жума сайын мониторинг өткөрүп жаткан кезибиз. Жай айларында малдын баары жайлоого чыгып кетип, эттин баасы өзгөрүлө баштайт. Ошон үчүн негизги бааны көтөрбөө үчүн иш-чараларды жүргүзүп, сурамжылоо, талдоо, мониторинг ыкмалары менен иш алып баруудабыз. Мал базардагы эттин баасы учурда жогорулаган. Койдун эти жыл башында 520 сомдун тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө орто эсеп менен 560 сомдун айланасында. Башкача айтканда, 7,5 %га чейин өсүү бар. Уй эти жыл башында 510 сом болсо, азыр 520 сомдун тегерегинде. Жакында баа түзүү боюнча мыйзам кабыл алынып, президент кол койду. Ал мыйзам июлдун орто ченинен баштап күчүнө кирет. Ошол жерде биз бир топ механизмдерди карадык.
Негизи, эт рыногунда башка мамлекеттерде кандай болуп жатканына да көз салып турабыз. Мисалы, ошол эле ЕАЭБ мамлекеттерин алсак, бүгүнкү күндө бизде уйдун эти 520 сом болсо, Казакстанда 550 сом, Россияда 520, Беларуста 530, Арменияда 790, Тажикстанда 670, Өзбекстанда 520 сом. Азырынча уй этинин баасы бизде туруктуу эле. Ал эми койдун эти бизде 560 сом болсо, Казакстанда 450 сом. Ал эми Россияда андан да жогору.
Андан сырткары, ири соода борборлорунда сатылып жаткан этке да талаптарды койгонбуз. Алардын жетекчилиги көзөмөл кылууга убадаларын беришкен. Бирок баа бир топ көтөрүлгөнүн танбайбыз. Бул сезондук факторлорго байланыштуу экенин белгилеп айткым келет. Учурда турукташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
-- Негизи сатыкка эт кайсы аймактардан көп келет?
-- Көбүнчө канаттуулардын эти тыштан ташылууда. Ал эми сатылып жаткан эттер Чүй, Нарын облустарынан келет. Дүң бааларды дагы таңкы саат 4тө барып текшердик. Адегенде малды бордоп саткандар алып келишсе, анан ортомчулар аркылуу рынокко өтө баштайт. Эт рыногу учурда жеке жактарга өтүп кеткен. Союз убагындай эт комбинаттары жок. Жеке жактар ээн-эркин бири-бири менен карым-катнаш кылып иш жүргүзө беришет.
-- Учурда жашылча-жемиштердин баасы да көзөмөлүңүздөрдөбү? Себеби, ар күнү ар башка болуп бушайман кылат го?
-- Жашылча-жемиштер сезондук мүнөзгө ээ. Картошка менен 100% өзүбүз камсыз кылабыз. Анын орточо баасы бүгүнкү күндө 48-50 сом. Коңшу Казакстанда 65, Россияда 40, Беларуста 62, Арменияда 52, Өзбекстанда 47 сом. Алча, өрүк, бадыраң, помидорлор сезонго жараша мүнөзгө ээ болуп турат. Айрымдар “банандын баасы эмне мынча кымбат?” деп сурашат. Бананды биз сырттан алып келебиз. Сатуучулар анын өтүшүнө жараша иш алып бара берет. Бул бизде эле эмес бүткүл дүйнөдө ушундай. Жашылча-жемиштерге баа коюлбайт. Суроо-талаптарга жараша иш жүрө берет. Түшүмдүүлүк көбөйгөндө баа ылдыйлайт.
Өткөн аптада эле КМШ мамлекеттеринин монополияга каршы органдардын жетекчилиги катышкан иш-чарага барып, бүгүнкү бааларды турукташтыруу боюнча маселени көтөрдүк. Россиядагы бааларга караганда, бизде баа туруктуу эле экен. Бүгүнкү күндө кырдаал көзөмөлдө. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо иштерин өз деңгээлинде алып баруудабыз.
![](/uploads/posts/2023-06/1687799485_keeshbaj-tajlakov7i-myrza.jpg)