Акыркы кабарлар
» Саясат » “Атамбаев кайрадан президент болуп калбайбы?” деген суроо талкууланууда
“Атамбаев кайрадан президент болуп калбайбы?” деген суроо талкууланууда
19-май, 11:12


Саясатчылар арасында каңшаар кетти... “Атамбаев кайрадан президент болуп калбайбы?” деген суроо талкууланууда. Эл ичинде бүйүр кызытканы кандай? Жакында түрмөдөн чыгары болжонуп, командасын топтой турганы айтылууда. Ал камалгандан кийин миллиондору “тоңдурулуп” калган да. Бул жагынан маселе чечилеби? Түрмөдөн аброй күтүп, рейтинги көтөрүлө баштаган экс-президентке жан тарткандар, колдогондор көбөйүп кеткенин кандайча чечмелейбиз? Бир топ саясатчылар, чиновниктер тымызын салам дубай айттырышса, бул жагын кандайча жоруйбуз? Айтор, Алмазбек Атамбаевден сестенүүгө мезгил келди окшойт.
"Азия Ньюс" гезити











