Алмаз Мамбетовдун жеке амбициясы кылмыш иштерине себепкер болдубу?

Башкы прокуратура тарабынан Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго төрт кылмыш иши козголгону кабарланды. Муну кандайча түшүнөбүз? Саясый боёк жокпу? Буга чейин мэр мырза очорулган Ош шаарын көтөрүп, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечип, тазалыкты сактоо менен ырааттуу башкарууга жол салганы жашыруун эмес. Бул боюнча бийлик булактары жар салып, мактап келгенин кантебиз? Эми болсо кылтакка илүү амалы башталыптыр. Кептин төркүнүндө эмне жатышы мүмкүн? Же Алмаз Мамбетовдун жеке амбициясы – өкмөт башчылык кызматка талпынуу, келечекте президенттик тактыны талашуу дымагы кылмыш иштерине себепкер болдубу? Жүүнү тирүү, тың жетекчи келечекке чоң пландарды коюп, белсемдүү иштеп, аракет кылат да. Баш көтөргөнүн эле жыга чаап, “жайлай” берсек, аягын кандай элестетебиз?
"Азия Ньюс" гезити