Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов, коомдук ишмер: “Эл шайлаган президентке мүмкүнчүлүк берели”

Бектур Асанов, коомдук ишмер: “Эл шайлаган президентке мүмкүнчүлүк берели”

06-февраль, 23:25
1 568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Оппозициянын дымы чыкпай калды го же бириге албай атасыңарбы?

-- Эми оппозиция да ар түрдүү, өзүңүз билесиз. “Дымы чыкпай калды” дегенге болбойт. Себеби, соцтармактардан же башка жактан саясый оппозициялык көз караштарын алар тынбай эле билдирип атышат. Менин оюмча, жакынкы арада Башмыйзамдын жаңы долбоору түзүлдү. Жок дегенде баштары бириккен оппозициялык эки же үч топ болот. Анткени, боло турган палламенттик же жергиликтүү бийликтин шайлоолоруна катышат. Ошондуктан өтө прогрессивдүү жана конструктивдүү маанайда оппозиция топтору чыгарын ишенимдүү айта алам.

-- Өкмөттүн азыркы курамынан кандай артыкчылыкты же кемчиликти көрө алдың?

-- Ушул эле өкмөттө бир топ жыл иштеп, тажрыйбасы бар адам катары өкмөттүн азыркы курамына ичим чыкпай турат. Оптимизация мындай болбойт. Министрликтин атын өзгөртүп койсо эле же 2-3 ведомствону бирөөгө кошуп салса эле “кыскарды” деп айтууга болбойт. Тескерисинче, бюрократияны ушунчалык күчөтүп ийди десе болот. Себеби, министрликтин алдындагы агенттиктер мурун премьер-министр менен тикелей иштеген болсо, азыр зам.министрге, анан министрге, өкмөткө деп бюрократиялык жолдорду көбөйтүп ийди. Бул өкмөттүн эффективдүү иш алып барышына чоң тоскоолдук жаратат. 

-- Демек, кемчиликтер бар экен да?

-- Өтө чоң кемчиликтер менен өкмөт түзүлдү. Ошол эле курамын, мүчөлөрүн да карап көрдүм. Коомчулукту таңкалтырып ийчү, үмүт жарата турган өкмөт түзүлгөн жок. Албетте, булар 3 же 5 айга чейин убактылуу отурат. Дегеним, парламенттик шайлоо өткөнгө чейин. Андан кийин жаңы парламент, жаңы өкмөт куралат. Жаңы шайланган президент “ар бир күн кылымга тете” деп айтты. Ошондуктан президент ар бир күндү, саатты, мүнөттү эффективдүү пайдаланса болмок. Калет жок, президентти эл шайлады. Мүмкүнчүлүк жана убакыт бериш керек. Берүү менен бирге сын пикирлер да айтылып турганы жакшы.        


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер