Мага ушундай күйөө керекпи?
-- Менин күйөөм мен иштеп калсам көзүмдү карап калат. Үйдө отуруп калсам дароо эле артты карап жатып, өзүнчө болуп, кээде бир аз эле таарыныч болсо башка бөлмөгө жатып, коркутуп, сүйлөбөй калат. Анан кесиптештери менен шаан-шөкөтү күчөп кетет. Мен жумушка чыгып баштасам дароо эле көзүмдүн кареги менен тен айланып, эч жакка барбай, жумуштан убагында келип, баягы кесиптештеринин бири жок, айкырып атсаң да унчукпай, кучактап жатып калат. Анан ойлоном, “мага ушундай күйөө керекпи?” деп. Мага мен кандай абалда болсом, ошондой абалда сүйгөн, ошондой бир калыпта жүргөн адам жагат, эки жүздүү болбой. Силерден сурар кеңешим, азыр алдуу-күчтүү болуп турганда кетип калсамбы? Кийин жумуш жок үйдө отуруп калсам, таштап кетеби, же ушундай орой мамиле кылып басынтып жүрүп өтөбү?..
Нуржан