Акыркы кабарлар
» Коом » Ата-энелердин 78%ы онлайн окууга канааттанган эмес
Ата-энелердин 78%ы онлайн окууга канааттанган эмес
10-март, 10:06


Ата-энелердин 78%ы карантин учурунда балдарды аралыктан окутууга канааттанган эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, пандемияда 82%дан ашык балдар аралыктан окутууга тартылган. Бул маалымат COVID-19дун Кыргызстандагы балдар жана аялдардын абалына тийгизген таасири тууралуу кластердик сурамжылоонун жыйынтыгы.
Онлайн окутуу процессине канааттанбаган ата-энелер анын негизги себеби балдардын окуу материалдарын жакшы түшүнбөгөнү болгон. Балдардын дээрлик жарымы сапаттуу интернетке ээ болгон эмес жана телесабактарды дайыма көрүүгө жетишпей калышкан. Үчүнчүдөн, интернет байланыш үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. 37%га жакыны жабдыктардын жетишсиздигин белгилеген.











