Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Шаршеер: “Элдин кирешеси өсмөйүнчө кризистен чыгууга мүмкүн эмес”

Искендер Шаршеер: “Элдин кирешеси өсмөйүнчө кризистен чыгууга мүмкүн эмес”

17-июнь, 07:34
1 414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Күнүмдүк товарларга болгон баалар күндөн-күнгө кымбаттап баратат. Ага кандай себептер бар жана дагы кымбатчылык өсүшү мүмкүнбү?

-- Азык-түлүккө болгон баалардын кымбатташынын себеби көп. Кымбаттоолор бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө дагы байкалды. Бирок, албетте, аларда Кыргызстандагыдай эмес. Биздеги баалардын өсүшү көп учурда экономика импортко көз каранды экенинен болуп атат. Негизи эксперттердин алдын ала анализинде, 2022-жылга чейин экономикалык кризис болору айтылган. Бирок, өкмөт тараптан ага карата ыкчам чара көрүлгөн эмес. Эгер салыктык жеңилдиктер берилип, ишкерликти колдоого алганда, кырдаал мынчалык болмок эмес.

-- Кризисти токтотууга карата реалдуу кадамдар барбы?

-- Бизде кризисти токтотууга мүмкүн эмес, тескерисинче, аны күчөтүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоору сунушталып атат. Ага ылайык, социалдык жыйноолорду 2 пайызга бизнестен азайтып, жүктү жарандардын үстүнө үйүүдө. Бирок, буга бизнес коомчулугу каршы чыгууда. Анткени, андан экономика дагы да начарлайт. Коомчулук тарабынан экономиканы көтөрүүгө сунуштар берилгени менен өкмөт менен Жогорку Кеңеш тарабынан ага каршы долбоорлор жүрүүдө. Мындан улам, кризис дагы тереңдеп атат. Эгер реалдуу кирешелер көбөйбөсө, албетте, социалдык жарылуулар болушу мүмкүн. 

-- Кымбатчылык каптап турган кезде элдин жүгүн жеңилдетиш үчүн мамлекет тараптан кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Мамлекеттик чыгымдарды азайтуу парз. Жөнөкөй жарандардын капчыгына кол салууну токтотуп, тескерисинче, аларга ишкерликке өтүүгө жардам берүү зарыл. Элдин кирешеси өсмөйүнчө кризистен чыгууга мүмкүн эмес. Баалар мындан дагы өсө берет. Ошон үчүн жаңы технологияларга өтүү, акча табуу булактарын өздөштүрүү өтө зарыл. Мамлекет тараптан өз кезегинде салык түйшүктөрүн азайтып, жеке кирешелердин өсүүсүнө өбөлгө түзүү эң туура болмок. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер