Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК мүчөлөрү Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунуштады. Себеп?

БШК мүчөлөрү Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунуштады. Себеп?

15-сентябрь, 17:27
699 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда БШКнын жумушчу тобу Дастан Жумабековдун Таластагы ооруканага жасаган сапарынын мыйзамдуулугун талдап жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунушташты. Ал административдик ресурс колдонуп жана добуш сатып алууга негизделген иштерди жасап жатканын айтышууда.

Дастан Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Ал жерде көз жарган келинге сүйүнчү пул катары 50 миң сом бергени жазылган. 

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйында Дастан Жумабековдун же ал кирген "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирди. 

"Дастан Жумабеков партиялардын тең укуктуулугун сактабай жатат. Үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан маалда спикерлик кызматынан пайдаланууда. Ошондой эле парламенттин маалымат кызматын колдонуп, пиар ишин жасап жатат. Ооруканага барганы туурасында ЖКнын сайтына маалымат чыккан. Ал эми 50 миң сом сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу аракети деп эсептейм. Эки мыйзам бузуунун белгилери көрүнүп жаткандан кийин БШК муну карап, же өзүн, же партиясын шайлоого катышуудан четтетиши керек. Бул боюнча бүгүн БШКнын жыйында кароосун сунуштайм" деди Абдрахматова.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева да ушул маселени кароону сунуштай турганын билдирди.

Ал эми БШКнын маалымат кызматы Дастан Жумабековдун аракетин учурда жумушчу топ карап жатканын маалымдады. Эгер мыйзам бузуу белгилери аныкталса, БШК мүчөлөрүнүн кароосуна киргизелет.

“Спутник-Кыргызстан”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер