Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жээнбек Кулубаев элчилердин ишине баа береби?

Министр Жээнбек Кулубаев элчилердин ишине баа береби?

03-октябрь, 21:31
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сырттан караган адамга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз ишин ырааттуу, так алып бараткандай сезилет. Ошондой эле болсун. Азырынча оркойгон деле каталарын көрө элекпиз. Бирок, бир олуттуу жагдайдын башын ачып алуу керек. Маселен, ондогон чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилеринин эмне менен алектенишип, мамлекетке кандай пайда кылып жатышкандары белгисиз. Айрымдары блогерлик менен шугулданышса, кээ бири жеке бизнеске ыкташтыбы? Негизи элчилер өлкөгө инвестиция тартуу, пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу менен да кызмат кылышы керек. Бул жагынан жарытылуу ийгиликтерди көрө элекпиз. Айтмакчы, Россиядагы элчи Кубанычбек Бөкөнтаевге мигранттар ар дайым эле нааразычылыктарын билдирип келишет. Мекендештерибиздин укуктары, кызыкчылыктары үчүн күрөшпөйбү? Алар өлкөбүзгө инвестор катары жүк көтөрүп жатышат да. Кыскасы, мындай “аксак жүрүштөрдү” санай берсек арбын. Эң оболу, министр Жээнбек Кулубаев элчилерге карата баасын берип, мамлекеттин мүдөөсү үчүн чечим кабыл алышы парз.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер