Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Суук тийгенде эмнеге сууну көп ичиш керек?
Суук тийгенде эмнеге сууну көп ичиш керек?
20-июль, 19:27

Күнүнө 2 литр суу ичиш керек экенин баарыбыз билебиз. Ал эми ооруган адам күнүнө 5-6 литр суу ичиш керектигин билбейбиз. Эмнеге мындай? Россиялык окумуштуу Мария Ионидис ооруган кезде көп суу ичүүгө кеңеш берет.
Вирус – бул организмдин интосикациясы. Аны «жууп» кетирүү керек. Көп суу ичүү – ал вирустун ашказанда, ооз кушунда жайланышып алуусуна жол бербейт.
Аскорбин кычкылы иммундук системаны бекемдеп, жаңы клеткалардын көбөйүүсүнө жол ачат. Компот, имбирь менен лимон кошулган чай сизди бутка тургузат. Бирок С витамининин кайнаган сууда жоголорун эске алып, жылуу суу ичүүгө кеңеш беришет.
Ооруган кезде ысык чай менен кычкыл суусундуктарды абайлап ичиш керек. Себеби организмдин күч-кубаты ысык чайды муздатууга кетип калат.