Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?

Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?

25-октябрь, 19:44
1 503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Сталинчил акынбыз, ушул турган баарыбыз...”

Биздин сабаттуу акын-жазуучуларга келгенде, көркөм сөз социалисттик реализм методу делген даяр калыпка салынды (терминдин автору Иосиф Сталин). Ошол методду мыкты “өздөштүрүп” комбийликтин арыгын чаба билгендер үчүн мамлекеттик сыйлык, ардак наам жандаган сый-ургал пайда болду. Мамлекеттик наам ар качан эле калыс ыроолонуп, адилет бөлүштүрүлө бербесе деле, жазуучу калкын талантына эмес, алган наам, сыйлыгына карап, өйдө-ылдый бөлүп, баалай баштадык. Наам, сыйлыгы бары кадыр-барктуу, алымдуу. Китептеринин нускасы көп, калем акыны күрөп алат. Бийликтин бир бучкагына илешет. Мамлекеттик сыйлык, наам, бул – атак, аброй, акча! Анан Коргол акын “Сталинчил акынбыз, Сталинге жакынбыз, ушул турган баарыбыз – Сталинге катынбыз” деп керкакшык төгүп жибермекчи...   кыргыз жазмакерлери биринен бири өтүп “сталинчил”, партиячыл,  тагыраагы, бийликчил болбогондо нетмек?.. Мына ошентип жазуучу-акын атпайдын арасында чыгармачылык эмес, сыйлык наам, мамлекеттик-партиялык зоболо үчүн көрпенделик атаандыштык туулду. Арийне, мындай атаандаштык ачык, таза, эркин болмокпу? Тымызын душмандык, касташуу пайда болду. 

Эгер кыргыз жазуучуларынын арасындагы  касташууга абай салсаңыз, адабиятчы Осмонакун Ибраимов жымсалдагандай, анда абалтан келаткан муундар ортосундагы ажырым же идеялык карама-каршылык дегендей коомдук маанидеги табигый келишпестик дээрлик жокко эсе. А “мен албаган сыйлыкты бул алып, менден зобололуу, барктуу, таасирдүү болуп кетпесин” деген көрпенделик ичкүйдүлүк күч.

Ошентип, адабиятка карата советтик-партиялык саясат, анын сый-ургалы өнөр калкына ичара сүйүү, тилектештик, эркиндик, чыгармачылык бак деле бербептир. Мамсыйлык жазуучу калкынын моралдык ишенимин ылайлап, чыгармачылык кайратын мокотот. Наам, сыйлык көздөп жаза башташат. Ага бир мисал катары байкоом: кыргыз адабиятынын классиги Төлөгөн Касымбеков атактуу “Сынган кылыч” романын  кайсы бир мамлекеттик сыйлыкты мелжеп, болжобой, накта чыгармачылык жигер, таза дем, тунук ой менен жазса керек (жаштык курчтугубу?). Ал эми тажрыйбасы жетик кезинде “Кел-Кел” романын жазуу менен кайсы бир сыйлык, айталы, Лениндик болбосо да, СССР  мамлекеттик сыйлыгын, же Токтогул сыйлыгын бөктөрүп түшүүнү, үзөңгүлөштөрүндөй сыйга, ардак наамга ээ болууну көздөгөндөй (анүстүнө “Сынган кылыч” катуу сындалып, оозу күйүп калган эмеспи). Михаил Фрунзеге улак чаптырып, Токтогул менен достоштуруп, романдын  идеялык жагын зордоп “түздөө” далалатында одоно жасалмалуулукка чалынып, паска түшүп кеткен. Ошентип, “Кел-келдин” көркөмдүк деңгээли “Сынган кылычка” караандабай калган. Жеке пикиримде, кыргыз акын-жазуучуларынын арасында (Мукай Элебаевдин кургак реализмин, Алыкул Осмоновдун акыркы лирикаларын, Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” эске албаганда)1960-жылдарга келип гана Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Аман Саспаев, Сүйөркул Тургунбаев, Алым Токтомушев ж.б. өңдөнгөн партия, бийлик сыйы, пулу менен чатагы болбой, адабияттын түп маңызын эртелеп аңдап, оюна келгенди (сөздүн терең маанисинде) жазган бир ууч топ пайда болот. (Кубатбек Жусубалиевдин эски элдик уламыштын негизиндеги“Толубай сынчы” аңгемеси анык шедевр го! Ар кептин башын чарпып, биз таба албай чайналган чындыктын чыры менен сыры анда өтө жөнөкөй ачылат. Мектептин окуу программасына ана ошондой чыгармалар кириши керек эмеспи!? Окуучулардын көзүн ачып, акыл-эсин бүлөгөнгөошол “Толубай сынчыдай” чыгармалар гана огожо болмок, сезимине күчтүү таасир этмек.)


Дале көздү таңып, тилди бууйт

Атаңдын көрү, эми баягы компартия, күргүштөтүп китеп чыгарып, күрөп-күрөп калем акы төлөп, адабиятка кам урган коммунисттик империя жок. Анын атын өзгөрткөн жайдак сыйлыктары эле калган. А бирок, кыргыз көркөм өнөр адамдары дале мурдагы түшүнүгүндө, дале ошол арзыбаган сыйлык үчүн атаандашат, чабышат. Мен урматтаган бир кезде “Асаба”, “Агымда” чогуу иштешкен үлкөн талант ээлери   Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков агалар да ушундай бир сыйлыктын айынан араздашып жүрүшөт дейби, айтор, сыйлык-сыймык  чыгармачыл интеллигенция адамдарынын жанын дале тынч коё элек. Албетте, биздин чыгармачыл кишилер жараткан чыгармаларынын дурус-бурушун бийликтеги бир ууч топ (комиссия дечү беле?) эмес, окуган, көргөн, уккан калың калк аныктап, бааларын; андан өтсө, мезгил, убакыт деген таксыр өзү эле электен өткөрүп, татыктуу-татыксызын  иргеп саларын сезип-туюп эле жүрүшсө керек, куру намыс кургуруң эле болбосо... Антсе да... Бир жолу  эстрада ырчыларына наам берилип, Фейсбукта ошонун тегерегинде сөз болуп калды. Ошондо биздин атактуу, карыя жазуучуларыбыз “жазуучулар эстен чыктыбы? Ой, адабиятчы, адабият!” деп жапырт үн салып, неге жазуучу-акындарга сыйлык берип, көркөм адабиятка көңүл бөлүнбөйт?” деген тейде нааразылыгын билдиришти. Ушинтип, биздин жазуучулардын арасында кез-кези менен бийлик тарабынан таратылчу сыйлык, наамды ашык-кеми жок, адабиятты өстүрүүгө көрүлгөн “аталык” камкордук катары түшүнгөндөр дагы жок эмес. Бу мамсыйлык, ардак наам адабияттын өсүшүнө деле огожо болбоду, жазуучуларды деле бактылуу кылып (сөздүн кенен маанисинде) жибербеди дедик. А коомго сунган бир “пайдасы” бул: “менин” жоготуп, жарандык жигерин тозутту; кошоматчылык, жалганчылык, көшөкөрлүктүн күнүн туудурду. Акаев доору, Бакиев доору делген учурдагы журналисттик практикамда мындай учурлар болгон: кай бир актуалдуу коомдук-саясый маселе боюнча “оюңуз кандай?” деп аттуу-баштуу, ошондой эле абийирдүү делген (“дүжүр” атка конбогон) акын-жазуучу, же илимпоздорго кайрылып калсак, “мен эми ушу суроого жооп бербей эле коёюнчу” деп, көзүнө сайылып турган нагыз чындыкты айталбай, тайсалдап калышчу . “А-а, бу аксакал жакында бир мамсыйлык алганы аткан экен” деп түшүнөсүң муну. Же болбосо, аксакал  мамлекеттен бир чоң сыйлыкты мурдараак алып алган болуп чыгат. Анан бечара өзүн бийликтин (мамлекеттин эмес) астында карыздар сезип, кокус менин оюм бийликтегилерге жакпай калса кантем деп корунуп, аярлана баштайт. Ушинтип мамсыйлык кыргыз интеллигенттеринин тилин бууп, көзүн таңып коймою бар. А бийлик адамдары интеллигенциянын мындай талуу жеринен бек кармап, жетелеп, өз мүдөөсү үчүн пайдаланбай жаны жокпу?! Мен кээде мамсыйлык маселесинин тегерегинде журналисттер же башкалар менен сүйлөшүп калсам, айрымдары “мамлекет болгондон кийин мамлекеттик сый-ургал керек, болгондо дагы мамлекеттик кызыкчылык үчүн керек” деп көшөрө жакташат. А бирок, мамлекетке жасаган ишин милдет кылган “эсепчил” кызмат эмес, чынчыл, ак кызмат керек эмеспи?! Анан да өнүп-өсөм деген кандай коом, кандай мамлекет болбосун, ал үчүн эң ириде чынчылдыктан, адилеттүүлүктөн жана намыстан ашкан идеология, саясат жоктур. А биздин мамсыйлыктарыбыз жалганчылык, калпычылык менен кошоматчылык, көшөкөрлүккө кызмат кылып, мындан чыкты, мамлекетке, коомго каршы иштеп  жатпайбы... Кээ бирөөлөр “мамсыйлыгың болсо, жок дегенде түзүгүрөөк пенсия аласың. Керек го...” деп кыңырылат. Ырас, бүгүнкү Кыргызстанда жазуучулардын, журналисттердин, жалпы эле маданият, илим-билим тармагындагылардын айлыгы аз; дегеле, пара алуу, уурдап-кымтуу, же каракчылык (уюшкан кылмыштуулук деп тергелчү беле?) кылуу  мүмкүнчүлүгүнөн куржалак калган кесиптегилердин баарынын социалдык акыбалы начар (бул тизмеге бизнесмендер кирбей тургандыгы түшүнүктүү ). Эгер жетсе, тийиштүү мамнаам, сыйлыгы барлары гана  пенсияга көбүрөөк акча менен чыгып, анча-мынча жеңилдик алат. Тилекке каршы, мамлекет массалык түрдө наам берип, же ансыз эле баарыбызга тегиз персоналдык пенсия чегере албайт. Демек, тең оокаттуулук үчүн чынчыл, таза саясаттын амири менен өлкө экономикасынын өсүшүн тилегенден башка арга жок. 


Мамлекеттик сыйлык-наам, сый-ургал, даңктын жеткен чеги – Ала-Арчабы?..

2011-жыл болсо керек, теледен көрүп калдым. Улуу комузчу, айтылуу “Кыргыз көчү” күүсүнүн автору Асанбек Кыдырназаровдун кайсыдыр юбилейи го... Мурдагы ырчы, азыркы элчи Ибрагим Жунусов  өкмөттө вице-премьер-министр беле, же маданият министриби, айтор, ошол үлкөн чиновник сүйлөп атып, “улуу комузчу Кыдырназаровдун таланты убагында туура бааланбай, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлбай калыптыр” деди. Ушинтип, мамлекеттик ишмерибиз азыркы кыргыз коомунда адамдын талантынын, эмгегинин жеткен чеги, бийиктиги мамлекеттик Ала-Арча көрүстөнү менен аныкталарын мамлекеттик деңгээлде “тастыктады”.  Айтса-айтпаса төгүнбү, көпчүлүк дал ошондой пикирде. Кыргыз интеллигенттери, асыресе, тирүүсүндө “эл...”, “эмгек сиңирген...” деген мамлекеттик ардак-наамдарга, орден-медалдарга, анан ашса, Токтогул сыйлыгына ээлик кылып, же академик болуп, болбосо бир чоң кызматты бучкактоо менен эле чектелип, ошого эле каниет кылып, ыраазы болбойт. Өлгөндө да караламан көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп, борбор калаанын чок ортосундагы Ала-Арча көрүстөнүнө гана көмүлгүсү келет. Бул мамлекеттик “сыйдан” баш тарткандар чанда. Мен билгенден, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Дооронбек Садырбаев... Бакай атадай болгон барктуу аксакалыбыз Түгөлбай Сыдыкбеков көз жумарына жакын жазуучу Казат Акматовго “сага да айтып коёюн, Казат. Асылгүлүмдүн мүрзөсүндө туруп ага сөз бердим эле, “жаныңа келип жатам” дедим эле. Сөзүм эки болбосун. Бозбөлтөккө алпарып, байбичемдин жанына койгула” деп керээз айткан экен. Арийне, Түкөнүн көзү өткөндө Казат аба деле аны акыркы сапарга узатуучу комиссиянын катарында болот. Премьер-министр Апас Жумагулов баштаган комиссияга маркумдун керээзин айтат. Бирок, баары бир, бала-чакасынын ызылдаганына карабай, алп кыргыздын сөөгүн Ала-Арчага коюшат. Керт башын ойлогондо, комиссия туура кылган, канча бир жыл өткөн соң, же ошол замат “Сыдыкбековдун сөөгүн Ала-Арчага койбой, бийлик иттик кылды” деген ачуу кыйкырык чыкмак. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун эскерүүсүнө караганда, кинорежиссер, жазуучу, Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты Дооронбек Садырбаев кесел менен алышып аткан чагында байбичесине “Азимбекке айт, менин сөөгүмдү туугандар Шайданга алып кетебиз десе, көнбөсүн. Байтикке көмүшсүн. Сен экөөбүздүн мазарыбыз жанаша болсун” деп айткан экен. Арийне, атактуу Докенин  керээзи да аткарылбайт. Байбичеси менен жанаша жатууну көздөгөндүктөн гана ушинтсе керек дешип, кези келгенде анын байбичесин да мамкөрүстөнгө көмүүгө уруксат алып, жай ээлеп, Ала-Арчага коюшат. Ушинтип, эки учурда тең   маркумдардын керээзине эмес, кыргызбайчылык куру намыска маани берилип, ата-бабадан калган эзелки нарк бузулат. Түбөлүк жайын өзү тандаган, анан каалоосу аткарылган адам – Төлөгөн Касымбеков. Ал киши да көз жумарына жакын Казат Акматов менен Азимбек Бекназаровдой олуттуу адамга болбосо да, бала-чакасына “сөөгүмдү Кой-Ташка койгула” деген керээз айткан экен. Керээзи аткарылды. Атактуу “Сынган кылычтын” автору борбор калаанын тоо тарабындагы Кой-Таш айылындагы абасы таза, бийик, кенен дөңсөөнүн боорунан түбөлүк жай алды. Барып топурак салдык. Сыдыкбеков, Касымбеков, Садырбаевдер кыргыздын руханият, саясатында  көпчүлүктөн өзгөчөлөнгөн эмгеги бар, таланттуумун, акылдуумун дегендердин алды болгон намыскөй, көйкашка адамдар эле го. Өлгөндөн кийин сөөктөрү Ала-Арчага коюлабы, же Көк-Арчага коюлабы, анын эч кандай мааниси, айрымасы жоктугун билбей калышмак беле... Анан калса, кыргызда ким көп? Ичинде туурусунан уурусу, абийирдүүсүнөн аксымы арбын, бирок,“мамлекет жана эл үчүн өзгөчө эмгек сиңирген” болуп, калың букарадан өзгөчөлөнгөн сый-ургалга ээлик эткен, демек, Ала-Арчага “жолдомо” алган “ишмер”, “улуу инсан” көп. Алардын баарын батыра берип, Ала-Арча көрүстөнүнүн деле тамтыгы чыгып, бут айланар жери калбады окшойт. Албетте, табиятынан эркиндикти сүйгөн пенде жасатынын деле таза, кең жерде, ээн-эркин жатканын кааласа керек...


(Уландысы бар)

Абдувахаб МОНИЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер