Акыркы кабарлар
» Коом » Өспүрүм кызды аңдыган шектүү адамдын видеосу тарады
Өспүрүм кызды аңдыган шектүү адамдын видеосу тарады
31-октябрь, 12:05
765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстандын Нур-Султан шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда өспүрүм кыздын артынан калбай, квартирасына чейин ээрчип барган бейтааныш адамдын видеосу коомчулукта кооптонууну пайда кылды.
Видеодо үйдүн короосунан лифтке чейин ээрчип барган бейтааныш адамды көрүүгө болот. Ал эми өспүрүм кыз андан шек санабай, лифт күтүп турат.
Казакстандын тартип сакчылары мындай шектүү адам менен бир лифтке түшүү опурталдуу экенин жана дароо милицияга кабар берүүсүн айтат.
Мындай видеолор Кыргызстанда да катталган.
Эскерте кетсек, Казакстанда педофилдерди түрмөдөн бычып салуу мыйзамы кабыл алынып, жакында алгачкы кылмышкерге операция жасалган.Aryba.kg