Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Түлеев: “Таза партиялардын парламентке келүүгө шанстары бар”

Расул Түлеев: “Таза партиялардын парламентке келүүгө шанстары бар”

06-сентябрь, 20:15
1 405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бул жолу шайлоо кандай өтөт, кимдер аттанат?

-- Саясый партияларда күрөө азайгандыгы үчүн менин божомолумда элүүгө жакын партиялар шайлоого катышууга билдирүү жасашат. Шайлоого отуз чакты партия катышат, көбүнчөсү жаңы партиялар. Эски партиялар биригип, жаңы альянстарды түзүшөт. Эски партияларга элдин ишеними аз болгондуктан, бул шайлоого катыша албай калышат. Ошондуктан алардын мүчөлөрү жаңы партияларга жана бийликтин жаңы курамдарына киргенге далалат кылышат. 

Анткени бул сапар тизмедеги биринчи талапкерден эң акыркысына чейин шанс бирдей, мурункудай “алтын орун” дегендер жок. Демек, мурунку шайлоолорго караганда атаандаштык өтө курч болуп, баарын эле акча чечпей калат. Ошондуктан таза партия бул жолу команда менен катуу иштесе, депутат болуп шайланып калууга, босогодон кирип кетүүгө шанс бар.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер