Журт алдында жүзү жарык элдик уул Кылычбек
“Жаштын тилегин берет” деген накыл кеп тээ илгертен айтылып келет. Кылычбек мектепте окуган жылдары эле “милиция кызматкери болом” деп алдына максат коюп, онунчуну аяктары менен КР ички иштер министрлигинин алдындагы Бишкек жогорку милиция мектебине документтерин тапшырат. Кирүү экзаменден буйдалбай өтүп, окуп калат.
Бул 1992-жылдын жай мезгили болчу. Боз улан кезинен көкүрөгү көксөгөн тилеги ишке ашып, Кылычбек биринчи жолу бактылуулук сезимди башынан кечирди. Форма кийип, тартип сакчысы катары кызматка киришкен күнү ал Мекенге астейдил ак кызмат өтөйм деп намысын бийик коёт. Ал 1996-жылдын аптаптуу август айы эле. Жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү терең, тапшырылган милдетке так, аны өз убагында аткарууга көнгөн Кылычбек эмгек чыйырын Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн Маевка коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкери болуп баштайт. Көп узабай өз адистигине берилген милициянын ыкчам кызматкеринин үзүрлүү эмгегине ишеним артылып, эл менен иштөөдө өзүн жакшы жагынан көрсөтүүгө жетишкен Кылычбек Нурмаматов Ош облустук ички иштер бөлүмүнө которулат.
“Эмгегиң өтөлгөлүү болсо, эл алдында жүзүң жарык” дегендей, Кылычбек Ош шаарында өзүнө тагылган ишти жоопкерчиликтүү аркалап, жетекчилик каякка жиберсе ошол жерде Ата журтчул жигиттигин көрсөтүп, Ош коогалаңында күндөп-түндөп эл арасында ынтымакка данакер жүрүп, бийиктикте да, тереңдикте да сыналды. Жүрөгүндө жалыны бар адам гана эл алдында жүзү жарык жүрөт эмеспи. Кылычбек Ош коогалаңынын оту өчкөнчө элдин мүдөө-талабын таба билген сабырдуу жетекчи катары азыр дагы элдин эсинде. Эрди эл сынайт. Соңку жылдары К.Нурмаматов Ошто болобу, Бишкекте болобу, Жалал-Абад облусунда иштейби, элдин тынчтыгын, биримдигин, ынтымак-ырашкердигин чыңдап, ар кайсы деңгээлдеги жетекчилик кызматтарда үзүрлүү иштеди. Айрыкча Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген жылдары милиция менен коомчулук ортосун жакындатуу, өз ара түшүнүүчүлүк мамилени чыңдоо, жарандарга ачык болуу, калкты тейлөөнүн иш-чараларын жаңы деңгээлге чыгарууда, эң башкысы элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу максатын көздөгөн ишмердүүлүгү ачык-айкын көрүндү.
Албетте, мүнөз деген өтө маанилүү учурларда байкалат, бирок ал майда-барат иштерден калыптанат. Кылычбектин “ар бир күн кичинекей өмүр” деген жакшы көргөн учкул сөзү бар. Атасы КР айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер Нурмамат Жолдошев абанын тарбиясы. Ал киши алма бактарын өстүрүп, мөмөлөтүп, өзү жашаган аймакты гүлдөтүп жиберген багбанчылыгы жөнүндө ушу күнгө чейин эл оозунан түшүрбөй айтып жүрүшөт.
Нускалуу атанын уулу табындагы шумкар демекчи, Ата Журт деп бел чечпей мээнет кылган Кылычбек Нурмаматов Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп келгенде, биринчи кезекте калктын коопсуздугун бекемдөөгө, кылмыштуулуктун санын азайтууга бүткүл күчүн жумшады. Өздүк курам арасында таалим-тарбияны күчөтүү, кадрларды даярдап, окутуп, билимин тереңдетүүнү күн тартибине койду. Ардагерлер менен жакындан алаканы күчөтүп, алардын акыл-насааттарын өздүк курамга жайылтып, “кечээки күн – бүгүнкүнүн мугалими” дегендей көздүү, кыраакы, кадырлуу аксакалдар менен болгон бекем байланыш өз үзүрүн бербей койгон жок. Демөөрчүлөрдүн көмөгү менен Базар-Коргондо, Арсланбапта, Сузакта, Чаткал, Ноокен райондорунда кошумча милиция бөлүмчөлөрү ачылып, эл менен болгон байланыш күчөтүлдү. Өзгөчө өздүк курамдын кызматкерлери үчүн иштөө шарттары жакшыртуу багытында иш кызуу жүрдү. Бул милиция кызматкерлеринин оор жана өзгөчө кылмыштардын бетин ачууда, санын кыскартууда оң натыйжасын берди. Кытай элчилиги менен достук байланыштын аркасынан улам, өздүк курамдын материалдык-техникалык базасына 8 автоунаанын берилиши мурда болуп көрбөгөн демилгелердин бири болду. Айта берсе, элдин колдоосуна ээ болгон жигердүү иш-аракетердин тизмеси өтө эле көп.
Көптүн жүгүн көтөрүп, моралдык принциптерди бийик туткан, эл сынынан өткөн кыраакы жетекчилердин бай тажрыйбасын өздүк курамга жайылтуу менен өлкө коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо, патриоттулукту чыңдоо бүгүн эң маанилүү. Жасалган өрнөктүү иштин үзүрү жерде калбайт, анын урмат-сыйы бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз келет.
Полковник Кылычбек Нурмаматов соңку жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенди. Ушул кезде ички иштер министирлигинин карамагында. Бүгүн кырк уруу чогулуп, бир түндүккө биригели деп жаткан кезде кереге болчу Кылычбек Нурмаматов күндөп-түндөп элине кызмат кылчу курагында, өткөн жылдын август айынан бери жумушу жок бош. Урматтуу ички иштер министри Улан Ниязбеков мырза! Мындайда тийиштүү тарапка кулак кагыш кылып коюуну журналисттик парзыбыз дедик.