Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант ӨМҮРБЕКОВ, профессор, Бишкек шаардык №3 балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери: “Балдар арасында мурда кездешпеген оорулар пайда боло баштады”

Талант ӨМҮРБЕКОВ, профессор, Бишкек шаардык №3 балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери: “Балдар арасында мурда кездешпеген оорулар пайда боло баштады”

07-октябрь, 10:59
849 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Замангабы же шартка байланыштуубу, чабал, денесинде бир кемтиги бар, убагына жетпей, салмагы аз, каны аз, тубаса жүрөк оорулуу ымыркайлар көп төрөлүп келет. Профессор Талант Өмүрбеков жетектеген Бишкек шаардык №3 балдардын клиникалык тез жардам көрсөтүүчү ооруканасы мындай ымыркайлардын, деги эле түркүн дартка чалдыккан балдардын ден соолугу менен күрөшүп, өмүр тартуулап келишет. 

-- Учурдагы балдар арасындагы эң көп кездешкен дарттарга токтолсоңуз?

-- Бүгүнкү күндө балдар дарыгерлеринин байкоосуна караганда, тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар жылдан жылга көбөйүп баратат. Мындан 20-25 жыл мурдагыга салыштырып караганда, кемтик менен төрөлгөн балдар, мурун кездешпеген оорулар, денеси саргайган наристелер көп төрөлүп жатат. Андан тышкары, наристелер арасында мээсине кан куюлган учурлар да көп болууда. Мунун баардыгы эненин ичинде кезде түйүлдүк инфекцияга туш болгондо болчу оорулар. Бул инфекциянын 92 пайызы жыныстык жол менен жугат. Мындай учурда кемтик болуп төрөлгөн наристе үчүн күнөөлүү бир гана ата-эне саналат.

-- Сиздин профессор катары кандай кеңешиңиз бар? Өмүр бою ата-энесинин багуусуна муктаж балдарды жарык дүйнөгө жаралбашы үчүн эмне кылуубуз керек?

-Биринчидената-эне болууга алдын ала даярданып, бала күтүүдө жеңил ойлуу болбоо керек. Бала бакча, мектептен баштап биз балдарды калыптандырышыбыз абзел. Азыркы учурда техника, УЗИ дегендер абдан жетиштүү заман. Түйүлдүктө кичине эле кемтик болуп төрөлө турган белги болсо, түйүлдүктүн жарык дүйнөгө келиш-келбешин адистер тактап чыкса, азыркыдай жүрөк оорутар абалга ата-энелер кабылбайт деп ойлойм.


Түрү суук ымыркайларды жараткан инфекция 

Инфекция жыныстык жол менен гана жугат. Демек, бала бойго бүтүп атканда энесинде же атасында инфекция болгон. Мисалы, эркек мындан жети-сегиз жыл мурун инфекция жуктуруп алып дарыланбай жүрө берсе, аны кийин үйлөнгөндөн кийин аялына жугузат. Бул дарт балага баары бир таасирин тийгизет. Алардын ырайы, келбети бузулбаса да, көбү кийин сарык болот, кээсинин мээсине кан куюлуп кетет. Мээсине кан куюлуп келген балдар чарчап калат.


Ата-энесинен кордук көргөн бөбөктөр 

Айрым учурда №3 балдар клиникасына ата-энесинен муштум жеп, кордук көргөн бөбөктөр дагы жардам сурап кайрылышат. Алардын айрымдары бычактан жарадар болгондор. Акыркы 7 айдын ичинде ата-энесинен кордук көргөн 27 бала кайрылган. Бир жырткыч эне өз кызын уруп, сабап жүрүп, тамакка таптакыр табити жоголгон кыз анемиянын оор түрүнө кабылган.


Топчу жуткан балдар

Балдар ооруканасында өпкө хирургиясы дагы бар. Бул бөлүмдүн дарыгерлери өз үйлөрүндө дагы күзөттө турат. Топчу, данек ж.б. нерселерди жутуп алып, оор абалда бир айда 7-8 бала кайрылат. Буларга убагында жардам көрсөтпөсө, балдар чарчап калышы мүмкүн. Мындай учурга кабылсаңыз, №3 балдар ооруканасы тез жардам көрсөтөт.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити
 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер