Акыркы кабарлар
» Саясат » Жаңы санариптик өнүктүрүү министри тууралуу эмнелер белгилүү
Жаңы санариптик өнүктүрүү министри тууралуу эмнелер белгилүү
19-январь, 18:11
1 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутаттар санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды. 53 эл өкүлү «макул», 3 депутат «каршы» добуш берди.
36 жаштагы Талантбек Иманов Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда туулуп өскөн. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2008-жылы «Дастан» заводунун коопсуздук кызматына жумушка кирип, эки жылга жакын иштеген. Кийин «Газпромнефть-Азия» ишканасында эмгектенген. 2011-жылдан тарта «Улан» ишканасынын директорунун орун басары, директорлугун аркалаган. Бул ишкана «Дастан» заводунун курамына кирет жана Ысык-Көлдөгү торпедаларды сыноо тармагында алектенет. «Уланды» башкаруу менен бирге Иманов «Дастан» заводунун өнүктүрүү боюнча директору катары да иштеген. Ал эми 2020-жылдын март айынан тарта “Дастан” компаниясын жетектеген.