“Өкчөлгөн” өкмөт башчы...


Мисалы, Камчыбек Ташиев облустарды кыдырып, бийлик бутактарына көзөмөл кылып, пландалган иштердин отчётун алып, коррупцияга жол бербөө машакаты менен күрөшүүдө. Ошого катар тартип, ырааттуулукка басым жасап жатат. Министр, губернатор, мэр, аким, жадагалса айыл өкмөттөрүнөн бери такалап... Мындай миссияны премьер-министр Адылбек Касымалиев аткарышы керек эле. Тилекке каршы, ал улам бир чет өлкөгө чыгып коюп, аймактарда эмне болуп атканы менен кабарсызбы? Мурдагыдай өкмөттүн чоң жыйындарын деле көрбөйбүз. Адылбек Касымалиев министр, губернатор, акимдерге кандай талаптарды коюп атканы да белгисиз. Жасап жаткан жумушун коомчулук, биз билбейбиз. “Эт же чел эмес” сыпатталганы качан? Өзүнчө эле “өкчөлүп”, өкмөт башчылык милдетин так, маанилүү аткарбай, обочодо калганы кандай? Эл карап турат да. Иштей албаса даражасы бийик кызматты кор кылбай, арызын жазып кетиши керек эмеспи. Азыр илгеркидей заман жок. Бийликтин ар бир кыймылына баа берилип турат...
"Азия Ньюс" гезити











