Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казак миллионери Кайрат Кудайберген: “Чиновниктин көчүгүн өпкөнгө даярсыңар...”

Казак миллионери Кайрат Кудайберген: “Чиновниктин көчүгүн өпкөнгө даярсыңар...”

23-ноябрь, 22:33
839 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын миллионери, эң бай адамдардын катарын толуктаган Кайрат Кудайберген: “жашоого жана мамлекетке нааразы болуп отура бербей, көчүктү көтөргүлө” деген кебин жазды, Инстаграмм баракчасына. 

Бизнесмен Кайрат Кудайберген адамдардын жалкоолугуна токтолуп: “адамдардын көпчүлүгү жеке жашоосундагы кемчиликтерге, маселе, көйгөйлөргө башканы  күнөөлөгөндү жакшы көрүшөт” дейт.

“Мамлекетти каргап-шилеп, урушуп жатып калабыз. Бирок ошол эле учурда силердин маселеңерди чечкен ар бир чиновниктик көчүгүн өпкөнгө даярсыңар. Коррупционерлерди сындайсыңар, ошол эле учурда жол эрежесин бузганда же жакшы кызматка отурсаңар жең ичинен пара бересиңер”,- деп жазды.

“Бул “жаман адат” коомчулукка сиңип кеткен, духу күчтүү жаштарды урушуп, тилдеп, ал эми абдан таланттуу балдарды байкагыңар да келбейт.

Ошондой таланттарыбыздын көбү   мекенди калтырып,  бул жакта керексиз экенин билип чет, өлкөгө чыгып кетип жатышат.  

12 жаштагы балдар ыркыйган колдору менен базарда араба сүйрөп жүрүшсө, килтейген чоң эле эркектер кайыр сурап, социалдык тармактарда жүрүшөт. Алар мамлекетти жумуш менен камсыздабаганы үчүн нааразы”,-деп жазды.

Ал сөзүнүн аягында адамдар мүмкүнчүлүктү жана чындыкты  издеши керектигин жазды.

“Силердин мүмкүнчүлүгүңөр отургуч менен силердин көчүгүңөрдүн ортосунда. Чындык ушул экөөнүн ортосунда. Өзүңдүн жолуңду танда жана жөн гана таштанды болбо!” деп жазды миллионер.

Ал буга чейин да “көчөдө саткан байбичелер менен соодалашпай, алар канча сураса ошончо акчаны бергиле” деп казактарды чакырган эле. “Көчөдө сатып отурган карыялар мыкты жашоого татыктуу жана бизден да жогору турушат” деп жыйынтыктады сөзүн.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер