Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Кыжыр келтирип, жолго МАИ кызматкерлерин койгон туура эмес”

Марлен Маматалиев: “Кыжыр келтирип, жолго МАИ кызматкерлерин койгон туура эмес”

21-январь, 20:51
1 564 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, көчөлөрдө кайрадан МАИ кызматкерлери көбөйө баштаганы байкалат. Мунун себеби эмнеде?

-- Кечээ мен атайын өкмөткө барып айттым. “Эмнеге элдин кыжырын келтирип, көчөгө МАИ кызматкерлерин коюп атасыңар? Эмне, алардын эсебинен акча чогултасыңарбы?” десем, “жок, статистика боюнча жол кырсыктары, адам өлүмү көбөйүп кетти” дешти. Бул маселени башка жол менен деле чечсе болот да. Мисалы, таксилерге мобилдик тиркеме киргизип, ар биринин кыймылын көзөмөлдөп турса болот. Мындай практика Америка баш болгон көп өлкөлөрдө бар. Айдоочу белгилүү бир убакта “мобу жерде келатам, же эс алып жатам” деп билдирүү жиберип турат. Эгер уктабай, чарчап келаткан болсо, диспетчер “укта” деп эскертет. Бул көп каражатты деле талап кылбайт. Миң долларлык жумуш.

Экинчиси, машинаны катуу айдагандар үчүн орточо статистикалык ылдамдык тиркемесин киргизүү керек. Ал эмне дегендик? Айталы, көлгө бараткан айдоочу Бишкектен чыкканда катталып, мерчемдүү жерге жеткенде дагы катталат. Эгер белгилегенден эртерээк убакта барган болсо, ылдамдыкты ашырып айдаган болот да, айып төлөйт. Ошондо эч ким жанталашып, шашпай калат. “Эптеп эле жетсем” деген ой болбойт. Бул үчүн жолду катар МАИ кызматкерин койгондун эч зарылчылыгы жок. Айтор, түшүндүргөнгө аракет кылдым.

-- Сиз демилгелеген орточо ститистикалык ылдамдык боюнча мыйзамдын долбооору азыр кайсы стадиясында?

-- Биринчи окууда турат. Мурдагы өкмөттөн каршы пикир келген. Эми мунусунда кандай болот, көрөбүз го. Бул мыйзам мага эмес, элге керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер