УИА президенти Абдрахматов академиктерди сыйлабай, Айтматовду жеригендей шек жаратты

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын сыйлаган академиктер Абдылдажан Акматалиев, Муратбек Бегалиев, Алтай Бөрүбаев, Сыртбай Мусаев сыяктуу кыргыздын атактуулары улуу жазуучунун урматына улуттук илимдер академиясынын гүлбагына эстелигин коюп, мемориалдык тактасын орнотуп, турналарын учуруп, китептерин тизген жакшынакай скульптуралык комплекс орнотушкан экен. Академиянын жаңы келген президенти Канат Абдрахматов ишин ушул эстелик-комплексти бузуу менен баштаган. Президент “гүлбактагы Айтматовдун эстелигин академиянын босогосуна көчүрүп келгиле” деп буйрук берген. Ал эми эстеликтин калган бөлүгү эски ордунда калган. Минтип бүткөн ишти бүлдүргөнгө эмне себеп болгонун ким билсин? Чыңгыз Айтматовдун эстелиги көчүргөндө жарака кеткен жерлери оңдолбой, же астына постамент коюлбай, “жарадар” болгондой томсоргон абалда ар кимге жалооруй карап турат. Кыргызча чала сүйлөгөн Канат Абдрахматовдун кыргыздын каада-салтынан деле кабары жок окшойт. Болбосо улуу адамдын эстелигин кантип босогого койсун? Бул эстелик УИАнын президентине эмнеси менен жакпай калды экен? Же Айтматовдон ала элек өчү барбы? Же залкар жазуучуну сыйлаган жогорудагы академиктерди “урганым жок” дегениби?..
"Азия Ньюс" гезити