Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтайым Үмөталиева: “Авиабилет баасы сатуучулардын уюшулган бир оюнуна айланууда”

Токтайым Үмөталиева: “Авиабилет баасы сатуучулардын уюшулган бир оюнуна айланууда”

04-октябрь, 19:30
466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтайым эже, кечээ гана Москва шаарынан кайтыпсыз. Мекендештер мобилизациядан чочулап кайтып келишүүдө. Авиабилет баасы да өтө жогорулап кетиптир...

-- Мен иш сапары менен Москвада жүрүп кайттым. Элдин көбү дүрбөп, чочулап турат. “Биздин жарандар кайтып келишкенде кыйынчылыктар күтүп калбасын” деген таризде жакшы тилек менен элге кайрылгым келет. “Элдин баарын армияга алат, согушка жөнөтөт” деген сөз деле болгон жок. Ишбилги, армияда иштеп пенсияга чыккан жана аскердик тажрыйбасы бар, учетто турган өз жарандарын гана чогултууда. Андай адамдардын саны 2 миллиондон ашык. Ошол жарандарынын ичинен 300000 адамын гана тандап, келишим менен алат экен. Орус жарандыгы бар бир кыргыз уулу гана келишим менен Украинага кетери расмий айтылууда.

Башка элчиликтер өз жарандарын чочулабоого чакырып, жарандарынын кызмат ордун сактап калууга аракет көрүүдө. Диаспора аксакалдары менен кеңешип, бул пикиримди жолдогум келди. Биздин бир топ балдар иш орундарын ташташып, аэропорттордон уча албай кыйналып жүрүшөт. Эртеңки күнү иш орундарына кайрылып келе албай калуулары да мүмкүн. Эң жөнөкөй Бишкек, Ош шаарларына авиабилеттер миң доллардан ашып кетти. Бул авиабилет сатуучулардын уюшулган бир оюнуна айланууда. Антимонополияга каршы кызмат кай жакты карап отурат? Баягы эле карапайым адамдардын чөнтөгүнө запкы келүүдө. Эмнеге көзөмөлдөшпөйт?


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер