Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги булганган абадан улам эшик, терезелерди ачпай, бет кап кийүү сунушталууда

Бишкектеги булганган абадан улам эшик, терезелерди ачпай, бет кап кийүү сунушталууда

27-ноябрь, 09:01
1 127 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча ноябрдын башында Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири деп табылган.

Ошондон улам Бишкек мэриясы абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында организми сезимтал адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды. 

"Мүмкүн болсо үйдө аба тазалагычтарды колдонуп, терезелерди көп ачпаганга аракет кылыңыздар", - деп адистер кеңеш беришүүдө.

Буга автоунаалардын газы, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда. Мэриянын маалыматына ылайык, айрым тургундар мештерге таштанды, желим буюмдарды жагышат. Мунун баары абанын булганышына жана анын сапатынын индексинин жогорулушуна алып келүүдө

Адатта индекс 0дөн 500гө чейин чыгып-түшүп турат. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир экендигин билдирет. Мэрия учурда Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин экенин кабарлады. 

Мэрия таштанды жана желим өрттөгөндөр тууралуу төмөнкү телефон номурларга кабарлап коюуну өтүнөт:

-Мэриянын санитардык-экологиялык патрулу: 0 (312) 65-81-59, 0505 88-83-15 (WhatsApp);

-Биринчи Май району: 0555 40-48-18;

-Свердлов району: 0551 55-17-45;

-Октябрь району: 0707 37-33-73;

-Ленин району: 0500 21-04-70.

Эскерте кетсек, мештерге, мончолорго таштанды жаккандар кармалса, ал адамга айыппул салынат.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер