Акыркы кабарлар
» Саясат » Нурлан Дарданов жергиликтүү бийликтин аброюн түшүрүп, кедерин кетирүүдө
Нурлан Дарданов жергиликтүү бийликтин аброюн түшүрүп, кедерин кетирүүдө
18-март, 09:00

Талас облусуна губернатор болгону Нурлан Дарданов өзүн көрсөтө алган жок. Жаңы идея, демилгеси жок экени кашкайды. Эл менен да камыр-жумур кызматташуунун өтөөсүнө чыга албай, прокурорлук ыкмада шек санап, айып издеп гана отургандай. Тилекке каршы, ал келгени ишбилги, мыкты кадрлар кетүүдө. Мындай шартта коллективге да жакпай, нааразычылык чыңалып жатканы ыраспы? Тууганчылык, тааныш-билиштик менен келген жетекчи ушундай эле болот тура. Аныгында, Нурлан Дарданов жергиликтүү бийликтин аброюн түшүрүп, кедерин кетире баштаганы талкууга алынууда. Жогорку бийлик калыс маанайында текшерүү жүргүзсө, көп кылыктары ачылабы? Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити