Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алдамчылар кууратты, жардам бериңизчи?

Алдамчылар кууратты, жардам бериңизчи?

09-июнь, 11:22
876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Урматтуу Улан Омоканович!

Сиздерден жардам күтүп, муктаж болгон үчүн кайрылуу жазганга аргасыз болуп отурам. Менин атым Наргиза. Кытай жарандарына котормочу болуп иштейм. Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылынанмын.

Биз Кыргызстанда уйдун тогузгатын чогултуп, экспорт менен иштечүбүз. “Ителге Импекс” компаниясында түрк жараны Авни Оздемир менен кызматташып келебиз. Бирок пандемия убагында ал бизнес өнөктөш кайтыш болуп кетти. Анан биз Өзбекстанга кеттик. Ал жактан товар алып, Вьетнамга жөнөтүп, шефибиз Кытайга кетти. Мен убактылуу Бишкекке келдим. Келсем, мурунку бизге ветеринардык документ жасап жүргөн Балтабаев Тариэль байке чалып, “Кыргызстандан иштейли. Бул жакта мен Замир деген бала менен иштейм, ал товар обработка кылат. Силерге Россиядан товар алып келип беребиз” деди. Мен шефке чалдым. Чалсам, “Замир деген бала мурун менин партнёрлорум менен проблема болгон, аны менен иштеш кооптуу” деди. Десе, Тариэль байке видео жиберди. Видеодо кытай жараны Замирге “сен күнөөлүү эмессиң” деп жатыптыр. Анан ал видеону көргөндөн[С1] кийин шеф келди. Келсе, Тариэль байке майрамдап кетиптир тойго, “кичине күткүлө” деди. Анан соолуккандан кийин келди, үч күндөн кийин Замирди алып келди. Анан экөө “Россиянын товары бир котнейнерге жетпейт. Муса Аккурт деген түрк жараны бар, адвокат, үй-бүлөсү менен Бишкекте турат. Ошону менен келишим түздүк. Ал бизге Түркиядан товар алып берет” деп келишимдүү баа айтты. Бизге толтура сүрөт жана видео көргөздү. Менин шефим макул болду. Өз аты Сян Цин Пин (XIANG QING PING), биз Антон дейбиз. Ошентип накталай акча менен аванс берди. Аванс алгандан кийин жолго жана тиги-буга деп түрдүү шылтоо менен дагы акча алышты. Ошентип финансылык чыгым 88800 доллар болду. Бул акча клиенттердики болгондуктан, Антон банктан акча алып, клиенттерине товар берди. Бирок банкка процент төлөйт. Ошон үчүн нааразычылктар болуп жатат. 

Биз милицияга арыз жаздык. Алар камалды. Муса эки ай, Тариэль байке жана Замир бир күн камакта отуруп чыгып кетишти. Акча алгандарына 10 ай болду. Жыйынтык жок. Милиция ишин сотко өткөрдү. Антон “эми соттон деле чыгып кетишет” деп атат. Мен Тариэль байкеге ишенип, кыргыз жарандарын чакыргам, ошондуктан күнөөлүү болуп жатам. Алар “силерде мыйзам иштебейби? Булар эмне сыртта жүрөт?” деп жатышат. Адвокат алдык. Алар прокуратурага кат жазды, “эмнеге кылмышкерлер камактан чыгып кетти?” деп. Бирок прокуратура биздин адвокатка жооп берген жок. Милицияга “объективдүү карагыла” деп кат жиберишитир. Ал катты эч ким тоготкон жок. Прокуратура жактан көзөмөл болгон жокпу? Эмнеге ушу күнгө чейин бир аракет жок. Башка кытай жарандарына да көп жолугам. Баары эле айтат, “биз да алданганбыз” деп. 

Ошентип Тариэль байкенин аркасынан жүрүп, Акчурин Жалил Фаритович деген татар кишиге жолуктук. Ал “силерге жардам берем” деди. Өтө көп сүйлөгөн киши болгондуктан, көп ишенген жокмун. Анан ал Тариэль байкеден менин телефонумду алыптыр. Ал мага чалды, “мен Россгвардиянын полковнигимин,  дүйнө жүзүндө байланышым бар. Мени шефиң менен тааныштыр” деди. Күнүнө аз дегенде төрт же беш жолу чалды вотсапка. Анан Антонго айтсам, “мейли, таанышайын” деди. Жолуктук, сүйлөштүк. Ал “я представитель МВД России” деп удостоверениесин көрсөттү. Анан ошентип ишенимге кирди. Ал “мен Россиядан Иранга буудай ташыйм. Ирандан силерге товар алып берейин” деди. “Фирма ачабыз, 90 пайыз өзүңөрдүн атыңарда болот. Мага бул жактан акча наличка бергиле. Мен ага буудай алып жөнөтөм. Ирандык киши силерге Тегерандан товар алып берет” деди. Ошенип ирандык Мохаммад деген киши менен тааныштырды. Мохаммаддын бул жакта акча алмаштыруучу күркөсү бар экен. “Мен риски жок ишйтем” деди. Мохаммад склад ачып туруп, кийин “фирма меники, склад меники, силердин тийешеңер жок” деп складдан Антонду кубалап чыкты. Ошентип дагы 48000 долларга чыгым болду (расписка бар). Кайра милицияга бардык. Алар  Акчурин Жалилди чакырып, суракка алышты (Свердловский район. Тергөөчүнүн аты-жөнү Сүйүнбаев Санжар). Акчурин мени шатыратып сөктү, “кытайларга жардам бересиң. Алар кетет, сен каласың. Свидетели долго не живут” деп. Мага бул сөздөр катуу тийип, мен да уруштум. Бирок жаздырганга жетишпей калдым. 

Эми азыр Мохаммад кармала элек, аркасынан жүгүрүп жүрөбүз. Бирок Акчурин Жалил “эмне кылсаңар ошо кылгыла. Бул иш сотко өтөт. Соттон пробацияга чыгып кетем” дейт. Пробация дегенди жакшы түшүнбөдүм. Бирок, ошо “эч ким мага эчтеке кыла албайт” деп түшүндүм. Ошентип жалпы чыгым 136800 доллар. Антон клиентке товар бериш үчүн кайра банктан акча алышы керек. Ошого мага көп сөз айтты, “неужели на них нет никакой управы?” деп. “Өзбекстанда эле иштей берсек болмок” деп өкүндү. Мен болсо жаман болуп, денемдин баары дерматит жара болдум. “Кыргызстан ненадежный экен” деген сөздөрдү оор кабыл алып жатам. Кыргызстан өнүгүп өсүп жатат. Президентибиз өзү “инвесторлорго жол ачык” деген. Мен “президентке, УКМК башчысына жана сизге кайрылуу жасайм” десем,  “алар жөнөкөй адамды укмак беле, толтура кайрылуулар жатса керек” дейт. Мен болсо капа болуп жатам. 

Күйөөм менен ажырашкам. Баардык нерсени жалгыз жасайм. Ата-энем пенсияда. Мага жардам бергенге мүмкүнчүлүктөрү жок. Ата-энем мектепте 40 жыл мугалим болуп иштешкен. Мен жакшы тарбия алгам. Эч качан эч кимди алдабайм. Ошентип ишенчээк болуп, алданып калып, шефиме уят болуп жатам. Антонго котормочу болуп иштегениме 8 жыл болду.

Кыргызстанга жалаң Кудайдан жөө качкандар келгендей сезилип жатат. Түрк болобу, ирандыкпы, татарбы, айтор, биринен бири өткөн калпычы. Аларга биздин жарандар кошулуп алып, такыр уятсыз болуп бүтүптүр.

Ушул ишти көзөмөлгө алып, жардам берүүңүздү суранам! 


Урматым менен Наргиза Имангазиева  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер