Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Бизде алдыга жылыш жок, бирок мактанып эле жатабыз”

Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Бизде алдыга жылыш жок, бирок мактанып эле жатабыз”

21-май, 09:00
443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ташболот агай, учурдагы коррупцияга каршы күрөшкө кандай баа бересиз? Эл аралык коомчулукта анчейин бааланбай жатат го?..

-- Кыргызстанда коррупция менен күрөш жакшы жүрүп жаткандай сезилсе, аларда коррупция менен күрөштү аныктай турган технологиялар, көрсөткүчтөр иштейт. Бизге салыштырмалуу реалдуу, объективдүү жыйынтык чыгарат. Себеби, көрсөткүчтөргө таянат. 

Бизде болсо “күрөшүп, “кустуруп” атабыз, 30 жылда болбогон иштерди жасалууда” деп мактанып, бийликтегилер ишин рекламалоо менен алек. Уу-дуу гана сөз жүрүп жатат. Менимче, коррупцияны жеңүүнүн дүйнө жүзүндө бир эле жолу бар. Мамлекетте уурулукка каршы объективдүү шарт түзүш керек. Эң негизгиси – санариптештирүү. Тагыраагы, эч кандай чиновник менен жолукпай, эч кимге көз каранды болбой, жалынбай, өз ишиңди санарип технологиясынын негизинде чечип кете беришиң керек. Бизде ал багытта министрлиги түзүлгөнү менен ошондой деңгээлде иш алып барып жатабы? Бул өзүнчө чоң маселе. 

-- Ошондо бийликтин ишин пиар кылып, жарнама жасагандар элдин башын айлантып жатышабы?

-- Ошондой десек да болот. Чынын айтканда биздин элде объективдүү маалыматты ар түрдүү булактардан алып, ошонун негизинде ой жүгүртүп, анализ жасап, баа берүү мүмкүнчүлүгү баарында жок. Чынында күрөш жүрүп, жылыш боло баштаганы менен кантип баа бересиң? “Эл чечет, коомчулук баа берет деген куру сөз. Маселени эч качан эл чечпейт. Бийликтегилер кандай кааласа ошондой багытта кетет..

-Айрым учурда жарнама деле жакшы жыйынтыктарды берет го?

-Экономикалык жана соода-сатык боюнча маселеде жарнама жакшы роль ойнойт. Соода-сатыкты өркүндөтөт. Элдин көңүлүн буруп, иштин илгерилешине салым кошот. Тагыраагы, реклама элди кызыктырыш үчүн жасалат. Бизде болсо саясый өңүттө кетүүдөАлдыга жылыш жок, бирок мактанып эле жатабыз. Кыргыз бийлигинин рекламасы мактануу дегенди билдирип жатпайбы.

-Ачыктык дагы коррупциянын азайышына шарт түзөбү?

-Албетте, коррупцияга каршы күрөштүн биринчиси санариптештирүү болсо, экинчиси ачыктык. Эркин массалык маалымат каражаттарын жаап салам деген коркутуу болбошу жана журналисттер куугунтукталбашы керек. Журналисттер да кээде калп айтат, айрым учурда жеке кызыкчылыгы үчүн бирөөнү каралайт. Бул деле жагымсыз нерсе. Бирок, журналисттердин оозун жаап, камап, куугунтуктаган коррупцияга каршы күрөштө жеңиш деле алып келбейт. Андан көрө коррупция менен күрөштү күчөтө турган механизмдерди табышыбыз керек. 

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүүнү ойлосок, бийлик жүргүзүп жаткан бутактар бири-бирин сындап, чымчып, аңдышып турган системаны курушубуз керек. Бүгүн бизде бийлик 100 пайыз бир кишинин колунда. Ошон үчүн бул нерсе дагы коррупцияны жеңгенге шарт түзбөйт. Учурда биздин коомдо реалдуу эмес, саясый рекламанын айынан чындыкка дал келбеген пикирлер жаралууда. 

-- УКМКнын аракети эске алынбай, же күрөшүмүш болуп жатышабы?.. 

-- Туура, УКМК коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп, “кустуруп”, колун бурап, муунтуп жатат. Бирок, андан коррупционерлер коркуп, мындан кийин уурулукка жолобой тургандай болуп калган жок да. Ошон үчүн бул жалган сезим. Бир ведомство коомдо коррупцияны жеңиши мүмкүн эмес. Жогоруда айткандай, рекламанын күчтүүсүнөн эл ишенүүдө. Туура, кандайдыр бир негизде УКМК мурункуга салыштырмалуу жакшы иштеп жатат, бирок алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Коррупцияны түп-тамырынан кыркканга алы жетпейт. 

Мен айткан негиздерге таянып, иш жүргүзгөн коомду курууга булардын мүмкүнчүлүгү жок. Мыйзам да жол бербейт. Ошондуктан, биздин коом, эл, айрыкча төртүнчү бийликтин ээси болгон журналисттер түшүнүшү керек. Көп журналисттер бийликти макташып, эптеп пайда көрүүнү ойлошот. Ал да туура эмес... 

Бүгүн саясый партиялар, бийликке каяша айта турган оппозиция, эркин пикирлерди элге жеткире турган массалык маалымат каражаттары да жокко эсе. Кыргызстан бир буту жок күлүк ат чабышта чуркагандай эле абалдабыз. Бир бут менен болсо да чуркап, рекорд коюуну айтып атабыз. Чынында бир буттун туруктуулугу аз экенин, бат эле жыгылып каларыбызды эсепке алган жокпуз. Үч буттуу болгонубузда, шамалга да, жер титирөөгө да туруштук бермек, куламак эмес. Ошон үчүн бийлик системасын дагы үч буттуу кылганга аракет кылышыбыз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер