Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоо--2020: Талашка түшкөн босого чек

Шайлоо--2020: Талашка түшкөн босого чек

25-октябрь, 19:05
1 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы эмки жылы өтө турган парламенттик шайлоону 4-октябрга белгиледи. Шайлоо күнүнүн белгилениши менен саясый партияларга кийинки жарыш үчүн расмий старт берилди десек болот. Бирок, ага чейин шайлоо босогосун тактап алуу зарыл. Азыркы тапта ушул маселе кызуу талкууда. 

Жогорку Кеңештин депутаттары, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ар-намыс» сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын талкуулоого чогулушту. Анын жүрүшүндө парламентке өтүү чегин 9 пайыздан 7,3 пайызга чейин түшүрүү жана 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн азайтуу сунуштары айтылды. Саясатчылар 9 пайыздык босого баллдан өтө албай калган саясый күчтөр бийликке чоң маселе жаратышы мүмкүн экенин эскертишти. 

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоодогу добуш топтоо босогосун 3 пайызга түшүрүүнү сунуш кылат. Анын пикиринде, бул кадам акчасы аз жана башка мүмкүнчүлүктөрү жок, бирок жаңы идеясы бар кишилердин парламентке келишине жол ачат. Текебаев мурда 5 пайыз, 7 пайыз босого чекти колдогонун да белгилеп, дүйнөлүк тенденцияны эске алуу керектигин кошумчалайт. 

Негизи, бул ойго макул болуп, колдогондор көп. Азырынча бир гана Төрөбаев 9 пайыздык босого чектен коркпосун айтып, “өз күчүнө ишенбегендер парламенттик шайлоодогу 9 пайыз босого баллды көп деп жатышат” деген оюн айтып жатат. Анткен менен Төрөбаевден башка, бир топ депутаттар деле босого чектин азайтылышына кызыкдар. Башкача айтканда, босого чек маселесинде учурда парламентте отурган депутаттардын өздөрү да тынчсыздана башташты. Депутат Жанар Акаев жана “өнүгүү-прогрессчи” депутат Исхак Масалиев профилдик комитетке босого чекти 5 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жолдошкон. Ага чейин президентти, Жогорку Кеңешти, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Анда утуп чыгуу босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылган.

Кыргызстанда босого чек 2017-жылы 7 пайыздан 9га чейин көтөрүлгөн. Ага ылайык, парламенттик шайлоолордо жеңишке жетиш үчүн партиялар эми мурункудан да көп, башкача айтканда, 180 миңден кем эмес добуш топтошу керек болуп калды. Мынча добуш алуу бир тобуна оңой эмес. Мындай шартта жеңишке алты партиянын үчөө гана жетиши мүмкүн. “2010-жана 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоолордо мандаттар сатылып, жыйынтыгында олигархтык парламент түптөлдү, эми кайра эле ошол курам кийинки шайлоодо жеңип чыгабы?” деп чочулагандар мындан көп. Соңку парламенттик шайлоо 7 пайыз менен өткөн, партиялар араңдап акчасын чачып, административдик ресурс колдонуп өтүшкөн. Эми эки же үч партия өтөр, бийликтин монополизациясы болуп калат, ал жакшыга алып келбейт" дешет жарандык коом өкүлдөру дагы. 

Эгер коомчулуктун пикирин эске алып, өзгөртүлбөй турган болсо, анда Кыргызстан биринчи жолу 9 пайыздык босого менен шайлоого барат. 9 пайыздык босого чек Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдө эле эмес, пропорционалдык шайлоо системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да жок. Карап көрөлү, Арменияда 3%, Грузияда босого чек таптакыр жоюлду, Латвияда 5%, Литвада 5%, Молдовада 5%, Россияда 5%, Казакстанда 7%, Украинада 5%, Эстонияда 5%, Тажикстанда 5% босого чек каралган. Украинада жаңы президент Зеленский быйыл июнда шайлоодогу босого чекти 3%га түшүрүүнү сунуштап, бирок Рада аны колдогон жок. Мына ушундай. Мурдагы союздук республикалардын биринде дагы мындай нерсе жок. Биз жалгыз ушундай жогорку чекти кабыл алабызбы? Бир гана Кыргызстандын алака-катышы бар өлкөлөрдөн Түркияда 10% босого чек бар. Бирок, Түркиянын тажрыйбасын мисал келтирип, жогору коюлган босого чек авторитардык режимди орнотууга шарт түзөрүн эксперттер белгилеп келишет.


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер