Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт башчыга кайсы үч талапкердин аттары айтылууда?

Өкмөт башчыга кайсы үч талапкердин аттары айтылууда?

19-апрель, 19:48
2 284 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда кризиске кептелдик. Өкмөт командасы менен жарабай калды. Коронавирус апааты дагы күчөсө, аягы эмне менен бүтөрү белгисиз. Натыйжада, Абылгазиев иш билбеген министрлери менен айдала турганы, жаңысы тандалып атканы каңкууланды. Азырынча өкмөт башчыны издешип, толук кандуу бир талапкерге токтошо элек. Акүйдөгүлөр. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, алдыртан Акылбек Жапаров, Азиз Суракматов жана Эркин Асрандиевдин аттары премьер-министрликке айтылууда. А эмне үчүн бул үчөө тең жараксыз?.. 

Жапаровдун тили буудай кууруп, экономист болгону менен мурдагы бийликтердин учурунда чуулганы чыгып, артынан коррупциялык кылмыш иштери козголбоду беле? Иш жүзүндө интрига, чыр-чатак күчөйт. Өкмөткө келсе аягы жакшылык менен бүтпөйт да, туурабы? Саясатты түшүнгөндөр кечээги тарыхты эстеп көргүлө...

Суракматов Бишкек мэрине дайындалганы эки жылга жакындаса да, жарытылуу өзгөртүү жасай алган жок. Жаңы идея, демилгесин көрсөтө албады. Инвестиция, өндүрүштү ойлобой да калганбыз. Эптеп күн өтсө болду, анан жеңил-желпи пиар менен алектенет. Тажрыйбасыз экен. Ишин кыйратпады, бирок кеңешчиси Гуля Алмамбетова аркылуу көптөн бери ар кимди сөктүрүп, элди мазактатканы менен эсте калды. Башка кайсы “ырысын” айтасыңар?

Асрандиев да мамлекеттик жетекчи катары бышып жете элек. Өтө чийки. Эмне иш кылганы боюнча элге белгисиз кадр. Болгону былтыр Ысык-Көлдү сүзүп өтүү үчүн чамынып, жоголуп кетип, 18 саат дегенде жээкке зорго чыккан. Бүтүндөй органдардын баарын убара кылып, ошондо коомчулукка “Суучул” катары аты угулган. Эмнени кыйратмак эле?

Кыскасы, биз сөз кылган үч талапкер тең мамлекеттин жүгүн тарта албайт. Демократ Равшан Жээнбеков айткандай, кайра бизге “помощник-премьер-министрдин” кереги барбы? Коомчулуктун да нааразычылыгы жаралат. Андыктан башка жолду издеш керек. Убакыт аз, эл кыйналып кетти... 

Aryba.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер