Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемия апааты мамлекеттин экономикалык алсыздыгын даана көрсөттү

Пандемия апааты мамлекеттин экономикалык алсыздыгын даана көрсөттү

19-июнь, 00:09
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башкы казыналык акыркы беш ай менен өткөн жылдын ушул мезгилиндеги сандарды салыштырган. Дефицит 13,3 миллиарддан ашык сомду түзгөнү маалым болду.

Акыркы беш айдын жыйынтыгы менен алганда, бюджеттин кирешеси 11,2 миллиард сомго азайып, чыгаша 2,9 миллиард сомго өсүп кеткен. Бул туурасында маалымат жыйында финансы министринин орун басары, борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков маалымдап чыкты. Ал акыркы беш ай менен өткөн жылдын ушул мезгилиндеги сандарды салыштырган:

· киреше 41 миллиард сомго чукул (былтыркы жылдын январь-майына салыштырмалуу 11 миллиард 199 миллион сомго аз);

· чыгаша 54 миллиард 348 миллион сом (2 миллиард 348 миллион сомго көп), дефицит 13 миллиард 352 миллион сомду түзгөн;

· планды эске алсак, салык жана бажы жыйымдарынын азайышы 13 миллиард 248 миллион сомду чапчыган.

Бюджеттеги мындай оор абалдан чыгуу жолдорун сурап, экономика боюнча көрүнүктүү эксперттерге кайрылсак, алар жүйөлүү сунуштарын жолдоду.

Азамат Акелеев, эксперт:

-- Биздин экономика 2-3 ай иштеген жок. Албетте, тартыштыктар болот. Эч кандай салыктар түшпөй калды. Туризм тармагында иштин баары үзгүлтүккө учурады. Соода-сатык, ресторан, ж.б. прдукциялары экспортко кете турган ишканалардын иштери токтоду. Бул кыйынчылыкты жеңиш үчүн эл аралык уюмдардан түшкөн акчаларды бизнесмендерге берип, ишти алып кетүү жолун табыш керек. Мисалы, ар кайсы инфраструктуралык долбоорлорду баштап, ошол жакка жергиликтүү фирмаларды тартып, жергиликтүү сатып алууларды көбөйтүш керек. Банктарга жардам берүү шарт. Банктар болсо ишкерлерге төмөн пайызда кредиттерди бериши абзел. Кредиттердин пайыздарын жойсо, ошол бизнестер иштеп, эл жумушчу орундар менен камсыз боло баштайт. Ошентип экономиканы от алдырып, жылдырып кетсек болот. Өкмөт акчаларды түзмө-түз таратпай, банктар аркылуу, бизнестер аркылуу иш жүргүзсө болот. Алардын иши жүрүшүп кетсе, салыктар төлөнүп, соода-сатык да жүрө баштайт. Экономика ошондой жолдор менен оор кырдаалдан чыгат эле. Бюджет тартыштыгы – бул акыбалдын жыйынтыгы. 

Кайрат Итибаев, эксперт:

-- Экономиканын негизги булагы бул – салыктар. Салыктарды карап, “кайсы салык Кыргызстандын бюджетин толуктайт?” десек, бул кошумча нарк салыгы. Бүгүнкү күндө аны ири компаниялар төлөйт, б.а. акча айлантуусу 8 млн. сомдон көп, иши ачык, официалдуу түрдө экономикалык сектордо иштегендер. Алардын саны аз болгондуктан, кошумча нарк салыгына өткөн жылы 73 млрд. сом чогултулган. Негедир биздин өкмөт ушуга көңүл бурбай койду. Өткөөл транзиттик заманда электрондук патент кылууну айтышты. Патенттен чогултканы көңүл жылытпайт.

Кошумча нарк салыгын көпчүлүгү төлөөдөн качат. Де-факто катары айтсам, чоң курулуш компаниялары да кошумча нарк салыгын төлөшпөйт. Бул ишкердин эмес, кардардын салыгы болуп саналат. Бизде болгону 12%. Россияда 21% болду. Башка мамлекеттерде да жогорку пайызда. 

Бизде кошумча нарк салыгы эң төмөн көрсөткүчтө, анан ошону да төлөтпөй, көмүскө экономикага батып отурабыз. Пандемия болгондо экономикадагы жогорудагыдай мүчүлүштүктөрдөн улам таптакыр отуруп калып жатабыз. Күнүгө сиз, мен деле сүт азыктарын ж.б азыктарды сатып алабыз. Биз буларды сатып алганда, ал салык камтылган эмес. Башка салыктарды коюп ушул салыкты эле тартипке келтирип алсак, баары оңдуу болмок. Ошондо биздин мамлекет, мамлекеттеги элдик бюджет накта элдин акчасы болмок. Ошондо 73 млрд. сом эмес, 7003 млрд.га жеткирмекпиз. Мына ошондон кийин биздин өкмөт кудуреттүү болуп, социалдык жакшы жардамдарды бере алмак. 

Пандемия, жаңы апаат кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн алсыздыгын дагы бир ирет көрсөтүп койду. Отуз жылдан бери отуз өкмөт алмашканы менен баягыдай эле отуздай майда-чүйдө ыпырынды салыктар бар. Ошону бир эле кошумча нарк салыгына өткөрсөк жакшы болот эле. 

Орусча белгилесем, “налог с продаж” деген бар. Аны “жойгула” деп какшап айтып жүрөм. 1%дан 5%га чейин гана чогултат. Кошумча нарк салыгынын ондон бирин гана чогултат. Аны жоюш керек. Биз адилеттүү фискалдык салык системасын, мамлекеттен жеке менчикке кепилдик жана мыйзамдын үстөмдүгүн каалайбыз. Ушул шарттардын баары түзүлсө, өлкөдө бизнес жакшы өнүкмөк. Бизде 80% көмүскө экономика. Кайсы бир кафе-ресторанга барсаңыз дагы чектерди карасаңыз, салык кызматы менен байланышы жок эле басып чыккан эсеп кагазын аласыз. 

Жөн гана патент төлөп иштеген ишкерлер көп. Элге санариптештирүүнү жеткирип жаткан соң, кошумча нарк салыгын дагы санариптештирип беришсе жакшы болмок. Элге да жеңил болмок. Кандай тамак-аш, керектүү буюм албайлы, анын канча пайызы мамлекет бюджетине кетип жатканын даана көрмөкпүз. 

Экинчи сунушум – азыркы күндө дагы бир жобо бар, бул – акциз салыгы. Башкача айтканда, арак, тамеки салыгы. Бул салыкты тескеп, кайра карап чыгуу керек. Ошондо теңдик болот. 

Үчүнчү сунуш – албетте, мени суусундук чыгаргандар жаман көрүп калышы мүмкүн. Кант кошуп суусундук чыгаргандарга да акциз салыгын киргизүү зарыл. “Кола”, “спрайт”, “фанта” ж.б. суусундуктарга он пайыздан кем эмес салык киргизсе болот. 

Аткезчилик – бул төртүнчү сунуш. Аткезчилик менен кескин түрдө улуттук согуш жарыялаш керек. Аткезчиликти байкап, жарыялагандарга (чек ара же бажы кызматкеринен аткезчилик байкалса), анын он пайызын байге катары берүү шарт. Ошондо эл дагы кызыгып, аткезчиликти токтотмок. Бүгүнкү күндө аткезчилик – бул чоң оорубуз. 

Бешинчи сунушум – бажы биримдиги бүт санариптешүүгө өтүшү керек. Быйылкы жылдан калтырбай санариптештирүү зарыл иш. Отуз жылдан бери санариптештире албаганыбыз – бул бийликтин алсыздыгы, кудуретсиздиги. Ал жерде коррупциянын гүлдөп-өсүп жатканын билдирет. Коррупция болбосо эчак санариптештирилмек. Санариптештирүү азыркы заманда эң оңой иш. Ушуну жолго коюшса тартип да болмок. Дал ушул санариптештирүү кирбегендиктен, көмүскө экономика менен коррупциялык схема гүлдөп, ишин улантып жатат.


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер