Кубанычбек Сыйданов чырпык эле чынар болду


Кайрымдуулук, боорукерликтин аркасында ушул даражага жетип, сексенден ашкан куракта бир адам жана ата теги жөнүндө азыноолак сөз кылайын деп турам. Атам согуштан кайтпай калып, 1945-жылы күзгө маал, арпадан башка бышпаган Суусамырдан касиеттүү Сары Өзөн Чүйгө, азыркы Москва районуна караштуу Чоң-Арык айылына иним Самарбек, апам, мен эптеп, жөө-жалаңдап келип, Жусуп атанын үйүндө туруп калдык.
Жыл аяктап калган убак эле. Жусуп атанын жалгыз уулу Сыйдан байке согуштан аман-эсен келди. Ата-эне, аны менен бирге айылдагылардын кубанычтарын айтпа. “Акжолтой болушту!” дешип, бизди кошуна-колоңдор жакшы көрүп калышты. Сыйдан байке көп узабай коңшу айылдан Урумкан аттуу татынакай кызга үйлөнүп, 1947-жылы 9-февралда уулдуу болушту. “Кубанычтын үстүнө кубаныч болсун” деп, баланын атын Кубанычбек коюшту. Ошол эле 1947-жылы 1-сентябрда билим алуу үчүн мектептин босогосун аттадым. Мээрман, боорукер, камкор, Жусуп атам болбогондо мектепке барат белем, барбайт белем, ким билет...
Кийинки жылы Кубанычбек бир жашка чыгып, Жусуп небересинин тушоо тоюн берип, аламан жарышта канчанчы болуп келдим эсимде жок. Байгеге 9 рубль, бир короз алгам. А Кубанычбек болсо борборубуздагы атактуу №5 мектепте окуп, орто билимге ээ болду. 1964-жылы он жети жашында Бүткүл союздук мааниге ээ Токтогул ГЭСинде монтажник жумушту аткаруу менен күндүзү иштеп, кечкисин окуп, эмгек жолун баштаган.
Он тогуз жашында Коммунисттик партиянын катарына кабыл алынышы – Кубанычбекти келечекте жооптуу, чоң кызматтар күтүп жаткан. Чындыгында ошондой болду. Уюштуруучулук, жетекчилик жөндөмүн Токтогул ГЭСинде иштеп жүргөндө эле көрсөткөн. Комсомол жаштар бригадасын жетектеп, комсомол комитетинин секретары болгон. Жогорку куруучулук адиске ээ болгондо, Кубанычбек Нарын облусундагы климаты катаал Жумгал, Ак-Талаа районундагы чоң-чоң курулуштарды жетектеди. Көпчүлүктүн ар биринин мүнөзүн, тилин, дилин таап, ар бирине калыстык менен мамиле кылып, маселени өз убагында чече билсе, жетекчинин ийгилиги эмеспи! 1978-жылы Нарын облстройго начальник болуп, Нарында жашап калды. Ал жылы мен Нарын драмтеатрынын директору элем. Ага-ини болуп, мени бир тууган агасындай урматтай турган, мен да бир тууган инимдей көрүп, Кубанычбектин ар бир жетишкендиктерине кубанып турдум. Бул менин улуулук парзым эле.
1982-жылы Нарын шаарынын аткаруу комитетинин председатели болуп дайындалды. Шаардын ар тармактуу түйшүктүү иштери көп экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Кубанычбектин ишбилгилиги, уюштуруучулук сапаты, маселени так, өз убагында чече билиши, айрыкча адамдардын коомдук жеке маселелеринин аткарылышына камкордук көрүшү, чоң кадыр-баркка жеткирди.
Кубанычбек беш бир тууган: Курманбек, Аалы, Туратбек, Шаршен. “Аганы көрүп ини өсөт” дегендей, улуу агасы катары инилерине сонун үлгү болду. Аларга агалык тарбиясын берди. Баардыгы өз иштеринин мыкты азаматтары болду. Курманбек, Аалы, Туратбек бул дүйнөдөн эрте өтүп кетишти. Бирок артында калган балдары, көз тийбесин, баардыгы мыкты. Албетте, муну Кубанычбектин тарбиясы катары бааласак болот. Кубанычбектин өзүнүн үч кыз, эки уулу бар. Балдарына берген тарбиясын кеп кылсак узак сөз...
Эгемен алган жылдары Сокулук районунун, андан кийин Жайыл районунун акими болду. Чүй облусунун губернатору, КР президентинин кеңешчиси, КР коомдук палатанын жетекчиси ж.б. коомдук иштерде жандуу катышып жүрдү.
“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп, күлүк таптаган саяпкер болуп, анын таптаган күлүктөрү, жорголору райондук, облустук, республикалык мелдештерде алдыңкы байгелерге байма-бай жетип турду.
Кубанычбектин өмүрлүк жубайы Закен келиним жогорку билимдүү врач, Кубанычбектин бутуна бут, колуна кол болгон кеңешчи, уул-кыздарын тарбиялаган акылман эне, нарктуу чоң эне, барктуу таене, баарына тегиз караган акылман байбиче болду. Он жети жаштагы кичинекей баланын монтажниктен баштап, республикабыздагы белгилүү облустун губернаторуна чейин жетиши – Кубанычбектин өз ишин мыкты билгендигинин жыйындысы.
Наматбаевдер Жусуп, Сыйнаш аталар, Сыйдан, Сагын байкелердин көздөрү өтүп кетсе да, артында эл, мамлекет, коом үчүн жасаган иштерин мен аларды жакшы билгендигим, керек болсо алардын тарбия-таалимин алган адам катары эскерип жатам.
Мына ушундай чөйрөдө чоңойгон, биз кеп кылган Кубанычбек бир нече райондордун акими, райондук, шаардык аткаруу комитеттеринин төрагасы, Чүй облусунун мурунку губернатору, “Республикабыздын курулушуна эмгек сиңирген ишмер”, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Кубанычбек Сыйданов иним “чырпык эле чынар болуп”, 75 жаш куракка келип, камкор ата, ардактуу чоң ата, сыймыктуу таята, кадырлуу аксакал болушу менен чын ниетимден куттуктап, узак өмүрүн Жараткандан тилейм!
Турарбек Рыскулбеков, театр ишмери
"Азия Ньюс" гезити











