Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Укук коргоочулар Равшан Жээнбековго байланыштуу президентке кайрылышты

Укук коргоочулар Равшан Жээнбековго байланыштуу президентке кайрылышты

06-декабрь, 17:01
1 463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир катар укук коргоочулар камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду эркиндикке чыгаруу маселеси менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Ондон ашуун укук коргоочу кол койгон кайрылууда белгиленгендей, "Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, эгерде айыпталуучуга карата соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо жана тергөө абагында кармоо мөөнөтү бир жылдан ашса, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүшү керек.

Укук коргоочулар кодекс эрежелеринин "тандалма жүрүп жатканын" айтып, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев бошотулганын мисал келтиришти. Мурдараак ушул мазмундагы кайрылууну президентке жана башкы прокуратурага Жээнбековдун адвокаты жолдогон. 

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер