Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Акаевдин маселесин күн тартибине чыгарып, караштын деле кажети жок”
-- Гүлшаркан Оконовна, Аскар Акаевичтин экс-президент макамын берүү суранычына кандай карайсыз?
-- Аскар Акаевичтин экс-президенттик макамына караганда, мага акыйкат үчүн жанын кыйган аксылык жердештеримдин макамы бийик турарын айтат элем...
-- Демек, башкасын айтпаганда деле Аксыда бейкүнөө адамдардын каны төгүлгөнү үчүн эле ага экс-президент макамын бербеш керек дейсизби?
-- Башкасын айтсак, өтө көп да. Эгемендүүлүк бизге кыйынчылыгы менен кошо келди. Завод-фабрикалардын баары токтоп, жаңы чечимдерди кабыл алыш керек эле. Акаев болсо кыйынчылыктарды чечүүнүн оңой жолуна өтүп, менчиктештирүү башталды. Оңой жолу дегеним, мүлк тең бөлүштүрүлгөн жок. Миңдеген кишилер мүлкү, же жумушу жок калды. Туура эмес менчиктештирилген мүлктөрдүн баарын мына эми арадан отуз жыл өткөндөн кийин мамлекетке кайра кайтарып атышпайбы. Бул бир жагы. Экинчи жагынан алганда, эл аралык келишимдерден канча катачылыктар кетти?.. Мисалга Кумтөрдү эле алалы. Туура эмес келишимдин кесепетинен отуз жылда канча байлыгыбыз сыртка ташылып кетти? Ал эми саясый жагынан уулу менен кызын депутат кылып алып келип, түшпөс хан болууну эңсеп, каалаганын кылып баштаганда, эл көтөрүлүп чыккан да. “Эл митингге чыкса, суу чач, көздөн жаш агызуучу газды колдон”... Алар кудум сырткы душман басып киргендей ок атып аткан болсо, ким кечирет? Бул ошонун тушунда болгон да. Бийлигин сактап кылыш үчүн кылган. Ошондуктан, мен ага экс-президент макамы берилишине каршымын.
-- Эгер маселе сиздердин карооңуздарга келсе, парламент кандай чечим кабыл алат деп ойлойсуз?
-- Бул маселени күн тартибине чыгарып, караштын деле зарылчылыгы жок. Сотко кайрылсын, же референдум аркылуу элдин талкуусуна коюш керек. Ар кандай жүйөлөрдү келтирип атпайбы, “декрет менен алынган, туура эмес” дейт. Андай болсо ошол кезде канча чечимдер кабыл алынган, шайлоо болгон, анын баарын жокко чыгарыш керек болот да...
"Азия Ньюс" гезити