Максатбек Казакбаев: “Депутаттар алгылыктуу иш алып барышкан жок”

-- Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз? Бир топ депутаттар мандаттарын да таштап кетишүүдө...
-- Жеке менин оюмча, жалпы парламент алгылыктуу иш алып барган жок, сиз айткан депутаттар да жарытылуу боло алышпады. Дегеле, учурда мамлекетте ар кандай саясый процесстер жаралууда, оң же терс жообун азыр аныктоо эрте. Экинчиден, азыркы парламенттин депутаттары мурдагы кесиптештериндей эч салмагы, ордулары жок келишип, мөөнөтү деле бүтүп, татыксыз кетишет өңдөнөт. Арасында шайлоодо таза эмес келгендери, добуш сатып алуу, партиялык тизмеден жарыбаган добушу менен отургандар, мурдагы кылмыштары, квота менен кокус келип калгандар ж.б. ушул сыяктуулар бар. Кийинки шайлоолордо бул сөзсүз сабак болууга тийиш. Ошондуктан кээ бир мандатынан ажырап жаткандарды көнүмүш адатыбызча саясый куугунтук өңүтүндө талкуулоо туура эмес.
-- Айрым аналитиктер “бул жагдайдын түбү барып-барып парламентти кризиске кептейт” деген ойлорун айтышууда. Бул пикирге макулсузбу?
-- Мен парламенттеги кризисти мандатынан ажыраган депутаттарга байлагым келбейт. Ал Жогорку Кеңештин алсыздыгы да.
-- Депутаттарды мандатынан ажыратуу кадимки көрүнүштөй болуп калса, алардын кадыры кетпейби?
-- Албетте, депутаттардын кадыры кетет, башкача айтканда, кеткен эбак эле... Ошондуктан парламентке тажрыйбасы бар, таза, күчтүү саясатчылар барышы керек. Ошондо депутаттын да, парламенттин дагы кадыры артат.
"Азия Ньюс" гезити